Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:34

Трамп Иранда бийликти кулатуу аркылуу кризисти чечүү жолун кыйытты


АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын учурдагы бийлигин кулашын кубаттай турганын билдирди.

Бул тууралуу Трамп Иранга соңку чабуулдар “Иран режимин” алмаштыруу максатын көздөбөйт деп айткан америкалык бийлик өкүлдөрүнүн билдирүүлөрүнөн соң билдирди.

"Режимди алмаштыруу" деген терминди колдонуу политкорректүү эмес, бирок учурдагы Иран режими өлкөнү кайрадан кубаттуу кыла албаса, режимди эмнеге алмаштырууга болбосун?”, - деп жазды Трамп Truth Social платформасына.

Анын алдында АКШ президентинин командасынын башкы мүчөлөрү вице-президент Жей Ди Вэнс, мамлекеттик катчы Марко Рубио, коргоо министри Пит Хегсет 21-июндагы Кошмо Штаттардын Ирандын өзөктүк обьекттерге соккусу Тегерандагы учурдагы исламий бийликти кулатуу үчүн эмес, маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө багытталганын билдиришкен.

Жекшембиде АКШнын коргоо министри Пит Хегсет авиасоккулар даректүү болгонун айтып, бул Ирандын эли же аскерлерине эмес, өзөктүк программасына каршы жасалганын белгилеген.

21-июнда АКШ Ирандын үч өзөктүк объектисине – Фордо, Натанз жана Исфаханга сокку урган. Иран бийлиги АКШнын мындай “негизсиз жана алдын ала пландалган агрессиялык аракеттерин” катуу айыптарын билдирип, БУУнун Коопсуздук Кеңешин чукул жыйынга чакырган.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш АКШнын Ирандын өзөктүк объектилерине сокку урганын “кооптуу эскалация” деп баалаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG