Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:53

Трамп АКШ Ирандын үч өзөктүк объектисине сокку урганын билдирди


Ирандын картасы.
Ирандын картасы.

АКШ Ирандын үч өзөктүк объектисине – Фордо, Натанз жана Исфаханга сокку урганын Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп билдирди.

“Бомбалардын толук топтому негизги объект – Фордого ташталды”, - деп Трамп Truth Social баракчасына жазды.

Axios басылмасы булактарына таянып жазгандай, АКШ Иранга сокку урууга камынып жатканын Израилге алдын ала билдирген. Израилдик жогорку кызмат адамы басылмага бул соккулар үчүн B-2 бомбалоочу учактары колдонулганын айткан.

Исфахан провинциясынын губернаторунун орун басары Натанзеде жана Исфаханда бир канча жарылуунун добушу угулганын, өзөктүк обьектилерге жакын жерге сокку урулганын көргөнүн ырастаган.

Өлкөнүн Кум провинциясынын өкүлүнүн айтымында, "Фордодогу өзөктүк объекинтин бир бөлүгү аба соккусуна кабылды".

Буга чейин The New York Times басылмасы АКШнын аскердик-аба күчтөрүнүн бир канча стратегиялык бомбалоочу B-2 учактары Миссуридеги аскер базасынан учуп, батыш тарапка – Тынч океандагы Гуам базасына карай бет алганын жазган. Маалыматты Пентагондун өкүлү ырастап, бирок Иранга сокку уруу боюнча буйрук түшпөгөнүн билдирген.

Гезиттин жазганындай, Трамп ишемби кечинде Ак үйгө кайтып келиши керек болчу. Ошол учурда Израилдин Ирандын өзөктүк инфраструктурасын жок кылууга багытталган аскердик кампаниясына кошулууга арзыйбы же жокпу деген суроонун үстүндө ой жүгүртүп жаткан.

B-2 учактары атайын бункерге каршы бомбалар менен жабдылган болушу мүмкүн. Бул бомбалар жер алдында бекемделген объектилерди -анын ичинде Израилдин аскердик авиациясы ишке ашыра албай жаткан Ирандын Фордо шаарындагы өзөктүк комплексти кыйратууга жөндөмдүү.

Ирандын маалымат каражаттары Фордо өзөктүк объектиси 90 метр тереңдикте жайгашканын жана АКШнын аба соккуларына туруштук бере ала тургандай бекем курулганын жазышууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG