Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:54

«Азаттык» радиосунун азери кызматынын журналисти Фарид Мехрализаде 9 жылга кесилди


 Фарид Мехрализаде. Архив
Фарид Мехрализаде. Архив

Азербайжандын соту «Азаттык» радиосунун азери кызматынын («Азадлыг») журналисти Фарид Мехрализадени Abzas Media иши боюнча 9 жылга кести.

Abzas Media интернет-басылмасынын редактору Ульви Гасанлы жана беш журналисти Севинч Аббасова, Махаммад Кекалов, Наргиз Абсаламова жана Элнара Гасымова 7 жарым жылдан 9 жылга чейин эркинен ажыратылды.

Алар аталган медианын кеңсесинен 40 миң евро накталай акча табылды деген доомат менен кармалган жана "чет элдик валютанын мыйзамсыз аткезчилигине" байланыштуу айып тагылган. Журналисттер айыптоолорду четке каккан жана кылмыш ишин кесибине байланышкан саясий буюртма деп эсептешет.

Мехрализаде аны радиого чыгарган экономикалык изилдөөлөр үчүн куугунтукташканын, Abzas Media платформасынын ишине байланыштуу жалган айып менен кылмыш ишин козгошконун буга чейинки соттордо айткан.

"Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюму Мехрализадеге жана Abzas Media басылмасынын журналисттерине чыккан өкүмдү айыптаган жана аларды дароо бошотууга чакырган. Уюм алардын үстүнөн сотту “Азербайжан режиминин эркин журналистика менен күрөшүнүн масштабын көргөзгөн” “адилеттүүлүктү мыскылдоо” деп сыпаттаган.


Шерине

XS
SM
MD
LG