Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:40

"Кыздай жашадым, бирок эркекмин". Өзбекстан жынысы менен кошо атын да өзгөртүүгө уруксат берди


Төрөт үйүндө эркек жана кыз деген белгинин ортосунда жаткан ымыркайдын жанында турган дарыгер. Иллюстрациялык сүрөт.
Төрөт үйүндө эркек жана кыз деген белгинин ортосунда жаткан ымыркайдын жанында турган дарыгер. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда жынысын алмаштырган адамдарга расмий түрдө аты-жөнүн өзгөртүүгө уруксат берилди. Эксперттердин айтымында, бул ЛГБТ өкүлдөрүнө эмес, тубаса жыныстык патологиясы барларга, же "интерсекс" деген топко кирген адамдарга тиешелүү.

Бирок өкмөттүн токтомунда так түшүндүрмөнүн жоктугу ар кандай сын-пикирлерди жаратууда.

Бир нече жыл мурун анжияндык 30 жаштагы Нафиса “Азаттыктын” өзбек кызматына кайрылып, эс тарткандан бери гендердик өзгөчөлүгү менен күрөшүп келатканын айтып берген. Ошондо ал жынысын алмаштырып, "эркек" деп жазылган паспорт алууну кыялданганын билдирген эле:

"Менин жыныс органым аялдыкынан айырмаланып, эркектикине жакыныраак. Өзбекстандагы жашоом азаптуу жана кайгылуу. Аны айтсам, китеп жазсаңыз болот”.

Өзбекстандын өкмөтү жынысын алмаштырган жарандардын аты-жөнүн өзгөртүп, ошого ылайык паспорт жана башка документтерди алууга уруксат берген токтомду быйыл 12-июнда кабыл алды.

Бул чечим Нафиса үчүн маанилүү жаңылык. Анткени ал мурда мындай мүмкүнчүлүктүн жоктугунан чемпиондук макамга жеткенине карабай, спорттон кетүүгө аргасыз болгон.

"Мен спорт мектебинде окугам. Спорт коллежинде билим алгам. Жеңил атлетика боюнча Өзбекстандын чемпиону болдум. Борбор Азия чемпионатына катышуу үчүн чет өлкөгө барышым керек эле. Бирок медициналык текшерүүдөн өтө албадым. Себебин сурасам, дарыгерлер гормондорум 90% эркектики экенин айтып, медициналык корутунду менен тастыкташты. Менде аялдык гормондор жок болгондуктан сынактан четтетилдим. Анткени кайсы категорияда мелдешке чыгышым суроо жараткан. Аялдар менен мелдешейин десем, медициналык корутундуда организмим эркектиги деп турат. Эркектер менен мелдешейин десем, документимде аялмын”, - деген ал.

Министрлер кабинетинин “Өкмөттүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, ошондой эле алардын айрымдарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” токтомуна ылайык, жынысын өзгөрткөндөр аты-жөнүн расмий алмаштырууга арыз бергенге чейин дарыгерден медициналык корутунду алышы керек.

Ошол корутунду арыз менен бирге ички иштер органдарына тапшырылат. Документтер 20 күндүн ичинде каралат. Эгер корутунду жасалма деп табылса, же арыз ээси издөөдө болсо же соттолгон болсо, анын арызы канааттандыруусуз калтырылат.

Коомчулукта айрымдар бул процедураны медициналык жана юридикалык негиздери бар адамдар гана эмес, "өзүн трансгендер деп эсептеген же жынысын алмаштырууну каалаган жарандар да колдонушу мүмкүн" деп кооптонуп жатышат.

Өзбек парламентинин мурдагы депутаты Расул Кушербаев токтомду дыкат изилдеп чыккан активисттердин бири:

Расул Кушербаев
Расул Кушербаев

"Гендерди өзгөртүү маселеси Өзбекстандын мыйзамдарында мурда эле болгон. Башкача айтканда, бул "Үй-бүлө кодексинде" укук катары аныкталган. Бирок аны ишке ашыруу механизми жок эле. Эксперттердин айтымында, жыл сайын жарандык абалдын актыларын каттоо органдарына жынысын алмаштыруу маселесинде бир канча адам кайрылат. Айрымдардын жынысы төрөлгөндө аныкталбай, убакыттын өтүшү менен белгилүү болот экен. Ошондуктан бул токтомдун ЛГБТ жамаатына тиешеси жок. Ал кыянатчылык менен колдонулбай, туура мааниде иштеши керек”.

Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 120-беренесине ылайык, гомосексуалдуулук – кылмыш. Андай жаран бир жылдан үч жылга чейин камалат.

Бирок Министрлер кабинетинин токтомунда “жынысын өзгөрткөн учурда” деген сөз гана колдонулуп, анын гомосексуалдуулуктан айырмасы жөнүндө айтылган эмес. Бул жагдайдан улам социалдык тармактарда токтомду "ЛГБТны либералдаштыруу" деп сыпаттаган пикирлер арбыды.

Жынысын алмаштырууну мыйзамдаштыруу тажрыйбасы көп өлкөлөрдө кездешет жана андан трансгендерлер колдонушат.

Өзбекстанда гендердик көйгөйлөр боюнча медициналык жардамга кайрылган жарандардын саны боюнча расмий статистика жок.

Белгилүү андролог жана сексолог Дилмурат Иргашев “Азаттыкка” курган маегинде жыл сайын ушундай көйгөй менен 7-8 өзбекстандык жаранды жеке кабыл аларын билдирди. Ал Борбор Азия мамлекеттеринен жана Орусиядан келген бейтаптарды кошкондо жылына 30-40 адам менен иштей турганын белгилейт.Адистин айтымында, өкмөттүн токтомун иштеп чыгуу жараяны 2021-жылы башталган. Документтин демилгечилеринин бири экенин кошумчалаган Иргашов аны ЛГБТ коомчулугуна багытталган артыкчылык деп карабоону суранат:

Дилмурат Иргашев
Дилмурат Иргашев

"Туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө "кыз" деп жазылып, кийин эркек экени аныкталгандарга уруксат берилип жатат. Алардын генетикалык жынысы медициналык корутундулар менен аныкталгандан кийин документтерин эч кандай көйгөйсүз алмаштыруу маселеси каралган. Ал эми ориентациясына жараша жынысын алмаштырууну көздөгөндөргө же операция жасаткандарга мунун эч кандай тиешеси жок".

Илимий маалыматтарга ылайык, "жыныстык патология" - баланын жыныстык органдары төрөлгөндө аныкталбаган учур. Кээде адамдын денесинде эки жыныс мүчөсү тең болот. Мындай адамдар хирургиялык же гормоналдык дарылоо аркылуу жынысын тандоого аргасыз болушат.

Эндокринологдордун айтымында, Өзбекстанда тубаса жыныстык патология менен төрөлгөн балдарды ата-энесинин каалоосуна жараша уул же кыз кылып тарбиялашат. Макалабыздын каарманы Нафиса да ушундай шартта чоңойгон:

"Дарыгерлер мага ар кандай таблеткаларды жазып беришкен. Бирок алар эч нерсеге жарабай турганын айтып, анан жазып беришкен. Ата-энем ошол дарыларды ичүүгө, "кыз болуп жашоого" мажбурлашкан. Бирок мен эркекмин, дарылардын бири да жардам берген жок".

Кайрадан Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 120-беренесине кайрыла турган болсок, Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму Ташкентке бул беренени кодекстен алып салуу жана кылмыш куугунтугун жоюу боюнча бир нече жолу кайрылган.

Бирок жогоруда айтылгандай, өкмөттүн жаңы токтомунун бул беренеге эч кандай юридикалык тиешеси жок. Ошондуктан Өзбекстан бир жыныстуулардын мамилесине мыйзамдуу түрдө тыюу салган өлкө бойдон кала бермекчи.

Шерине

XS
SM
MD
LG