Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:46

Израил Тегерандагы өзөктүк жабдуу заводуна чабуул койду, Иран 25 ракета менен сокку урду


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

18-июнда Израилдин аскер-аба күчтөрү Тегерандын чыгыш тарабында жайгашкан Имам Хусейн атындагы Коргоо корпусунун аскерий университетине абадан сокку урду. Бул тууралуу Ирандын жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.

Маалыматка караганда, аталган окуу жай Ирандын "Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусу" үчүн аскерий жана жарандык адистерди даярдоочу маанилүү борбор катары белгилүү.

Израил армиясы (ЦАХАЛ) бул операция тууралуу шаршембиге караган түнү кабарлаган. Мунун алдында алар Тегерандын түштүк-батыш тарабындагы тургундарга эвакуация тууралуу эскертүү тараткан.

The Times of Israel басылмасы ЦАХАЛга шилтеме берип Израилдин учактары Тегерандагы уран байытуу үчүн колдонулган жабдык чыгарган заводуна жана курал-жарак өндүрүүчү ишканаларга да сокку урганын жазды.

Израилдин маалыматы боюнча, өткөн түнү Иран Израил тарапка болжол менен 25 ракета атты. Шарон аймагында жана Иерусалимдин жанында эки ракета түшкөнү маалымдалды. Башка ракеталардын түшкөн жери тууралуу так маалымат жок.

Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи социалдык тармактагы Х баракчасында иврит тилинде билдирүү жарыялап, Израилди “террордук сионисттик уюм” деп атап, ага каршы “катуу чара көрүү керек” экенин жазды.

Бир күн мурун АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Truth Social тармагында бир катар билдирүү жасап, Хаменеи “жеңил бута” экенин белгилеп, Иранды “толук багынууга” чакырган.

13-июнда Израил Ирандын өзөктүк ишканаларына абадан чабуул койгон. Аны улай Ирандын армиясы да Израилдин аймагын дрондор жана ракеталар менен бутага алган. Эки өлкө ортосунда жаңжал курчуп, Израилдин чабуулдарынан Иранда 220дан ашуун адам, анын ичинде жогорку даражалуу аскер жетекчилери, өзөктүк программа боюнча иш алып барган окумуштуулар каза болгон.

Израилдин Саламаттык сактоо министрлиги Ирандын соккуларынан 20дан ашык адам набыт болгонун маалымдады. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG