Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:11

Кытайдын лидери Жакынкы Чыгыштагы кризиске байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирди


Астанада Кытайдын лидери Си Цзиньпинди казак президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды. 16-июнь, 2025-ж.
Астанада Кытайдын лидери Си Цзиньпинди казак президенти Касым-Жомарт Токаев тосуп алды. 16-июнь, 2025-ж.

Израил-Иран куралдуу чатагы күтүүсүз жерден күчөп кеткенине Бээжин терең тынчсыздануу менен көз салып жатканын шейшембиде Астанадагы Кытай-Борбор Азия саммитине катышкан Си Цзиньпин билдирди. "Куралдуу кагылышуу - мындай кризистерди чечүүнүн жолу боло албайт, регионалдык чыңалуунун курчуп кетиши - эл аралык коомчулуктун орток кызыкчылына каршы келет", - деп белгиледи Кытайдын лидери.

Өткөн жума күнү Израил Иранга абадан сокку ургандан бери Бээжин бул маселеде пикирин билдире элек болчу. "Кытай башка өлкөлөрдүн эгемендигине, коопсуздугуна, аймактык бүтүндүгүнө бүлүк салган аракеттердин баарына каршы турат", - деп басым жасады Ирандын көптөн берки дипломатиялык жана экономикалык өнөктөштөрүнүн бири саналган кытайлык лидер.

Астанада шейшембиде Кытай-Борбор Азия саммити болуп өттү. Мурунку күнү Кытай менен Казакстан ортосундагы кызматташтыкты кеңейткен 30дан ашуун документке кол коюлду.

Шерине

XS
SM
MD
LG