АКШ президенти Дональд Трамп Иранга ок атууну токтотуу боюнча сүйлөшүү сунуштаган эместигин жана Иран өзөктүк сүйлөөшүлөр боюнча "келишимге макул болушу керек эле" деп айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн TruthSocial баракчасына жазды.
"Мен Иранга эч кандай формада "тынчтык сүйлөшүүлөрүн" сунуштаган эмесмин. Бул дагы бир жалган жаңылык. Эгер алар сүйлөшүүнү каалашса, мага кантип кайрылышты билишет. Алар үстөлдө жаткан келишимге макул болушу керек эле — бул көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калмак", -деп жазды Трамп.
АКШ президенти ушул эле күнү Канададан учуп келатканда Air Force One учагында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып "Мен Иран менен сүйлөшүүгө кызыкдар эмесмин. Мен анын өзөктүк программадан толук баш тартуусун күтөм",-деди.
Ошол эле маалда Дональд Трамп Иран өкүлдөрү менен жолугушууга АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнсти же атайын өкүлү Стив Уиткоффту жөнөтүшү мүмкүн экенин да айтты:
"Мен жөнөтө алам. Баары мен Вашингтонго баргандан кийин чечилет". Бул тууралуу CBS телеканалы жазды.
Трамп буга чейин ирандыктарды Тегерандан тез арада чыгып кетүүгө чакырган билдирүүсүн Truth социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.
Ушул эле күнү Израилдин АКШдагы элчиси Йехиэль Лейтер Иран менен болуп жаткан чыңалуунун алкагында кеңири масштабдагы аскердик операция даярдалып жатканын билдирди. Анын айтымында, бул операция 2024-жылдын сентябрында Ливандагы "Хезболла" уюмуна каршы пейжерлерге жасалган чабуулдан да чоң болот.
Соңку күндөрү Израилдин аба чабуулдарынан улам Ирандын баш калаасында дүрбөлөң башталып, Тегерандан чыгып бараткан эл көчөлөрдө тыгын пайда кылды. Шаардын бензин куюучу жайларында узун кезек жаралып, аны сатууга чектөөлөр киргизилгени кабарланды.
13-июнда Израил Ирандын өзөктүк ишканаларына абадан чабуул койгон. Эки өлкө ортосунда жаңжал курчуп, Израилдин чабуулдарынан Иранда 220дан ашуун адам, анын ичинде жогорку даражалуу аскер жетекчилери, өзөктүк программа боюнча иш алып барган окумуштуулар каза болгон.
Израилдин Саламаттык сактоо министрлиги Ирандын соккуларынан 20дан ашык адам набыт болгонун билдирди. (AiA)
Шерине