Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:21

Украина айырбаштоо учурунда Орусия өз аскерлеринин да сөөгүн жөнөткөнүн билдирди


Аскерлердин сөөгүн алмашуу жараяны, 14-июнь, 2025-жыл.
Аскерлердин сөөгүн алмашуу жараяны, 14-июнь, 2025-жыл.

Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко соңку репатриация маалында Орусия тарап Киевге “украин аскерлеринин сөөгү менен кошо орус аскерлеринин сөөгүн өткөрүп бергенин” билдирди. Бул тууралуу министр өзүнүн Telegram каналына жазды.

"Бул Орусиянын атайылап жасаган аракети болушу мүмкүн. Алар сөөгүн өткөрүп берген аскерлердин санын көбөйтүүнү каалагандыр. Кантсе да, бул алардын өз аскерлерине болгон кайдыгер мамилесин ачыктайт. Биз ар бир сөөктү идентификациядан өткөрөбүз",- деп жазды ал.

Ички иштер министринин айтымында, ар бир репатриациядан кийин сөөктөрдү ачуу, ДНК экспертизасын жүргүзүү жана идентификация иштери көп убакытты жана күчтү талап кылат:

“Бул жараян башынан эле оор жана узак. Бирок Орусия бул процессти атайылап татаалдаштырып жатат. Сөөктөр оор зыянга учураган абалда кайтарылууда, айрым адамдардын дене бөлүктөрү ар башка баштыктарга салынган. Кээ бир учурларда бир эле адамдын дене калдыктары ар кайсы репатриация этаптарында өткөрүлүп берилүүдө”.

Орусия бул боюнча маалымат бере элек.

Украинанын согуш туткундары боюнча иштеген координациялык штабынын маалыматына ылайык, Орусия Украинага жалпысынан 6057 аскердин сөөгүн өткөрүп берген.

Орус президенти Владимир Путиндин жардамчысы Владимир Мединский “Украина тарапка каза болгон 6060 офицер жана жоокердин сөөгү өткөрүлдү,”- деп билдирген.

Орусия армиясында каза болгондордун так саны расмий жарыяланган эмес. "Би-Би-Си" радиосу, "Медиазона" жана ыктыярчылар тобунун эсебине ылайык, 2022-жылдын февралында башталган кеңири масштабдагы согуштан бери кеминде 110 608 орус аскери каза болгон.

Сөөктөрдү өткөрүп берүү келишими 2-июнда Стамбулда жетишилген. Орусия тарап Украинага 6 миң аскердин сөөгү берилерин билдирген.

Стамбул сүйлөшүүсүндө жетишилген келишимге ылайык, Орусия менен Украина 10-июндан бери туткун айырбаштоо жараянын жүргүзүүдө. Алмашуулар 1:1 тартибинде жүрүүдө, бирок азырынча канча туткун айырбашталганы так айтылган жок.

Украин президенти Владимир Зеленский туткундарды айырбаштоо жараяны болжол менен 20-21-июнда аягына чыгарын айткан. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG