Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:30

ТИМ: АКШ консулу менен миграциялык өзгөрүүлөр талкууланды


ТИМ тараткан сүрөт.
ТИМ тараткан сүрөт.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу АКШ элчилигинин Консулдук бөлүмүнүн башчысы Кейт Коллинзге жолугушту. Бул тууралуу башкы дипломатиялык мекеменин басма сөз кызматы 17-июнда билдиргендей, тараптар АКШнын миграциялык саясатындагы акыркы өзгөрүүлөргө жана кыргыз жарандарына ыктымал таасирине өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында консулдук жана миграциялык чөйрөлөрдө кызматташууну мындан ары да бекемдөө максатында үзгүлтүксүз байланышта болуу тууралуу макулдашууга жетишилди.

“Министрлик Кыргызстандын жарандарына АКШнын миграциялык мыйзамдарын так сактоо зарылдыгын дагы бир жолу эскертет. Аталган өлкөдө жүрүүнүн белгиленген мөөнөттөрүн бузуу, анын ичинде визанын жарактуулук мөөнөтүн өткөрүп жиберүү - камоого, депортация кылууга жана АКШга кайра кирүүгө туруктуу тыюу салууга алып келиши мүмкүн”, - деп жазылган маалыматта.

Бул жолугушуу АКШ 36 мамлекеттин катарында Кыргызстандын жарандарына да өз аймагына кирүүгө тыюу салышы мүмкүн экени тууралуу маалымат жарыялангандан кийин орун алды. Тышкы иштер министрлиги АКШдан бул боюнча расмий билдирүү ала электигин белгилеп, “бул тизменин кантип түзүлгөнү Кыргызстан үчүн “түшүнүксүз болуп жатканын” 16-июнда билдирген. Бул маселени талкуулоо үчүн АКШ элчилигинин консулун чакырганын тактаган.

Миграциялык чектөөлөр тууралуу Washington Post гезити 15-июнда Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаментиндеги кызматтык катка шилтеме кылып билдирген. Ага 36 өлкө: анын ичинде Кыргызстан, Египет, Жибути, Камерун, Нигерия, Сирия, Танзания жана башка Африка, Кариб аймагынын жана Тынч океан бассейниндеги өлкөлөр кирген.

Ишембиде тизмеге кирген өлкөлөр менен иштеген дипломаттарга мамлекеттик катчы Марко Рубионун колу коюлган кызматтык кат тапшырылган. Анда бул өлкөлөрдө Вашингтондун жаңы талаптарын аткарууга 60 күн убакыт берилери жазылган.

Мамлекеттик департамент шилтеме кылып жаткан бузуулардын ичинде мөөнөтү өтүп кеткен визалардын көптүгү, документ берүүчү органдын жоктугу жана башка маселелер көрсөтүлгөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG