Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Трамп ирандыктарды Тегерандан тез арада чыгып кетүүгө чакырды


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп ирандыктарды Тегерандан тез арада чыгып кетүүгө чакырды. Бул тууралуу ал Truth социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады.

“Иран мен айткан “келишимге” кол коюшу керек болчу. Бул аябай уят жана адам өмүрүнүн текке кетиши. Жөнөкөй тил менен айтканда, Иран өзөктүк куралга ээ болбошу керек. Мен муну кайра-кайра айтып келгем. Баары дароо Тегерандын аймагынан эвакуацияланышы керек”, - деп жазды Трамп.

Ал Канадада өтүп жаткан “Чоң жетинин” саммитинен кийин дароо Вашингтонго кайтып, Ак үйдө Улуттук коопсуздук кеңешин жыйынга чакырарын эки америкалык телеканалдын журналисти билдирди.

Трамптын Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөрү тууралуу маалыматты Fox News жана CNN каналдары Ак үйдөгү булагына таянып жазып чыкты. CNN анын булагы жыйын шашылыш болобу же Трамп Канададагы саммитти аяктап келгенден кийинби, тактаган эмес.

АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешине мамлекеттик катчы, коргоо министри, улуттук чалгын кызматынын башчысы сыяктуу жогорку кызматтагы жетекчилер кирет.

Израил армиясы 16-июнда Тегерандын үч районунда жайгашкан "Иран режиминин аскердик инфраструктурасына чабуул жасаларын" эскерткен билдирүү тараткан. Бул аймакта 300 миңдей киши жашайт жана ал жерде Ирандын мамлекеттик телерадиоберүү агенттиги, чалгындоо бөлүмүнүн штабы жана жогорку даражалуу аткаминерлердин үйлөрү жайгашкан.

Соңку күндөрү Израилдин аба чабуулдарынан улам Ирандын баш калаасында дүрбөлөң башталып, Тегерандан чыгып бараткан эл көчөлөрдө тыгынды пайда кылды. Шаардын бензин куюучу жайларында узун кезек жаралып, аны сатууга чектөөлөр киргизилгени кабарланды.

13-июнда Израил Ирандын өзөктүк ишканаларына абадан чабуул койгон. Эки өлкө ортосунда жаңжал курчуп, Израилдин чабуулдарынан Иранда 220дан ашуун адам, анын ичинде жогорку даражалуу аскер жетекчилери, өзөктүк программа боюнча иш алып барган окумуштуулар каза болгон.

Израилдин Саламаттык сактоо министрлиги Ирандын соккуларынан 20дан ашык адам набыт болгонун билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG