Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:58

Иран-Израил жаңжалында жараат алгандардын саны көбөйүүдө


Куткаруу топтору Израилге болгон чабуулда кыйраган үйдүн урандыларын тазалап жатат.
Куткаруу топтору Израилге болгон чабуулда кыйраган үйдүн урандыларын тазалап жатат.

16-июнга караган түнү Ирандын Израилге ракеталык чабуулунан кеминде беш адам набыт болуп, 90дон ашууну жаракат алды.

Бул тууралуу The Times of Israel басылмасы Израилдин Тез жардам кызматтарынын маалыматына шилтеме кылып жазды. Маалыматка караганда, куткаруучулар дайынсыздарды издөө иштерин улантып жатат.

Израилдин өзгөчө кырдаал кызматы 92 кишини ооруканага жеткиргенин кабарлады. Жергиликтүү маалымат каражаттары жекшембинин кечинде Иран жалпысынан өлкөгө 30 баллистикалык ракета учурганын жазышты. Израил полициясы билдиргендей, Тель-Авивдеги эки калктуу конуш чабуулга туш болуп, бир нече турак жай бүлгүнгө учурады. Жабыркаган тургундар тууралуу маалымат жок.

Дүйшөмбү күнү Израилдин армиясы ЦАХАЛ Тегеранда жайгашкан Ирандын “Кудс” атайын бөлүгүнүн командалык борборлоруна сокку урганын маалымдады. ЦАХАЛ жарыялаган сүрөттө он объект жок кылынганы көрсөтүлгөн.

Бир күн мурунку Ирандын Израилге ракеталык чабуулунан кеминде 10 адам набыт болуп, 200дөн ашууну жаракат алган. Израилдин жергиликтүү маалымат каражаттары Иран жалпысынан өлкөгө 70 баллистикалык ракета жибергенин, бир нече ракетаны Йемендеги хуситтер учурганын жазышкан.

13-июнда Израил Ирандын өзөктүк ишканаларына абадан чабуул койгон. Эки өлкө ортосунда жаңжал курчуп, Израилдин чабуулдарынан Иранда 220дай адам, анын ичинде жогорку даражалуу аскер жетекчилери, өзөктүк программа боюнча иш алып барган окумуштуулар каза болгон.

Израилдин Саламаттык сактоо министрлиги Ирандын соккуларынан 15тей адам набыт болгонун билдирди. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG