Ош шаардык мэриясы Көкүм-Бий көчөсүндө жаңы басылган асфальттын кайра сүрдүрүлүп жатканы боюнча түшүндүрмө берди. Мэриянын басма сөз кызматынын 16-июнда тараткан маалыматка караганда, асфальттын биринчи кабаты басылгандан кийин жол астынан суу чыгып, саз пайда болгон.
Адистер асфальтты сүрдүрүп, аны башынан басуу чечимин кабыл алган.
“Учурда жолду куруу боюнча тендерди утуп алган компания өз эсебинен жолду кайра жасоону баштады. Бул иштер сапатты камсыздоо жана келечекте жараксыз абалга келбеши үчүн жүргүзүлүп жатат. Жол Ош шаарынын мэриясы тарабынан азырынча кабыл алына элек. Аткарылып жаткан иштерге кошумча каражат да төлөнбөйт”, - деп жазылган мэриянын маалыматында.
Буга чейин социалдык тармактарда Ош шаарындагы көчөлөрдүн бирине жаңы бастырылган асфальттын кайра буздурулуп жатканы тартылган видео жарыяланган. Анда атайын техникалар асфальтты сыйрып жатканын көрүүгө болот.
Ош шаарында кызыл сызыктан өткөн курулуштарды бузуп, жолдорду кеңейтүү иштери жүрүүдө. Бул маселе 2-апрелде Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, депутаттар Министрлер кабинетин жана жергиликтүү бийликти мыйзамсыз деп эсептеген курулуштарды бузуу ишинде этият болууга чакырышкан.
Шерине