Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:48

Кыргызстандын жарандарына АКШга киришине чектөө коюлушу мүмкүн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан жарандары АКШга киришине чектөө коюлуучу өлкөлөрдүн тизмесине илинди. Бул тууралуу Washington Post гезити АКШ мамлекеттик департаментиндеги кызматтык катка шилтеме кылып билдирди.

Басылманын маалыматында, президент Дональд Трамптын администрациясы жарандары АКШга кирүүсүнө тыюу салынуучу же чектелүүчү өлкөлөрдүн тизмесин көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн кароодо.

Ага 36 өлкө: анын ичинде Кыргызстан, Египет, Жибути, Камерун, Нигерия, Сирия, Танзания жана башка Африка, Кариб аймагынын жана Тынч океан бассейниндеги өлкөлөр кирген.

Ишембиде тизмеге кирген өлкөлөр менен иштеген дипломаттарга мамлекеттик катчы Марко Рубионун колу коюлган кызматтык кат тапшырылган. Анда бул өлкөлөрдө Вашингтондун жаңы талаптарын аткарууга 60 күн убакыт берилери жазылган. Мамлекеттик департамент шилтеме кылып жаткан бузуулардын ичинде мөөнөтү өтүп кеткен визалардын көптүгү, документ берүүчү органдын жоктугу жана башка маселелер көрсөтүлгөн.

АКШ буга чейин өлкөгө жарандары киришине тыюу салынган жана чектелген 12 өлкөнүн тизмесин жарыялаган. Ал тизмеге Түркмөнстан Кошмо Штаттарга кирүүгө жарым-жартылай чектөө киргизилген өлкөлөрдүн катарында кирген.

Трамп президенттик экинчи мөөнөткө киришкенде миграциялык саясатты катаалдаштырарын убада кылып, бир нече жарлыкка дароо кол койгон.


Шерине

XS
SM
MD
LG