11-июнда Украинага 1212 аскер кызматкеринин сөөгү алынып келинди. Бул тууралуу туткундар маселеси боюнча иштеген Украинанын Координациялык штабы маалымдады.
Маалыматка ылайык, Курск, Харьков, Луганск, Донецк, Запорожье жана Херсон багыттарында курман болгон аскерлердин сөөгү кайтарылды.
Укук коргоо органдары жана эксперттер жакын арада алардын өздүгүн аныктоого киришери кабарланды.
10-июнда Украина менен Орусия туткундарды айырбаштоонун экинчи этабын өткөргөн. Ал жараяндын алкагында Орусиядан оор жаракат алган украин аскерлери кайтарылган.
2-июнда Стамбулдагы Украина-Орусия тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасында тараптар оор жарадарларды, 19-25 жаштагы туткундарды жана каза болгондордун алты миңден сөөгүн айырбаштоону макулдашкан.
Тараптар бул жолу да ок атышууну токтотуу жана өлкө лидерлеринин жолугушуусу боюнча макулдаша алган эмес.
16-майда АКШнын арачылыгы менен Стамбул шаарында 2022-жылдын жаз айларынан берки алгачкы орус-украин бетме-бет сүйлөшүүсү өткөн. Бирок анын жүрүшүндө ок атышууну токтотуу макулдашылган эмес, Киев Москваны "аткарылгыс талаптарды коюп жатат" деп айыптаган.
Эки тарап Стамбулда өткөн түз сүйлөшүүдө туткун айырбаштоо жараянын 1000/1000 форматында жүргүзүүнү макулдашкан. (AiA)
Шерине