Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:15

Харьковдо Орусиянын чабуулунан үчөө каза болуп, 60 адам жаракат алды


Орусиянын чабуулуна кабылган Харьков облусу.
Орусиянын чабуулуна кабылган Харьков облусу.

Орусиянын Украина аймагына чабуулунан үч адам каза болуп, 60тай киши жаракат алды. Шаршембиге оогон түнү болгон чабуулдан жараат алгандардын тогузу балдар.

"Реанимацияда жаткан 65 жаштагы эркек киши каза болду. Ал өтө оор абалда, катуу күйүк алып ооруканага жаткырылган болчу", - деп жазды облустук аскер башкармалыгынын башчысы Олег Синегубов.

Маалыматка караганда, Орусиянын абадан соккусунан Харьковдогу бир нече турак жай жана үч өндүрүш имараты жабыркады.

Запорожье облусунда эки адам жаракат алганы, Одессада бир нече жерде өрт тутанганы да кабарланды.

“Украинская правда” басылмасы Харьковго өткөн түнү 17 камикадзе дрону менен чабуул болгонун жазды. Украин аскерлери өлкөнүн аймагына жалпы 68 дрон учурулганын билдирди. Орус аскерлери “Искандер” балисстикалык ракетасы менен да сокку урган.

Маалыматка караганда жалпы 85 дрондун 49у атып түшүрүлдү.

Далилдерге карабастан расмий Москва жарандык жайларды аткылаганын четке кагып, бир гана аскердик жайларды бутага алганын билдирип келет. AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG