Талас облусунун ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (Коррупция) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кенжебек Бокоевди кармады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
“2025-жылдын 9-июнунда Талас ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты Б.К.С. Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат”, – деп айтылат мекеменин маалыматында.
Милициянын билдирүүсүндө Кенжебек Бокоевге кайсы иштер боюнча айып тагылганы айтылган эмес.
Экс-депутат, анын жакындары жана адвокаты милициянын айыптоосу жөнүндө комментарий бере элек.
Кенжебек Бокоев Кыргызстан эгемендик алган жылдары ишкерлик менен алектенген. 2005-2010-жылдары Талас облусундагы Аманбаев айыл аймагын башкарган.
Ал 2010-жылы “Республика” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышына депутат болуп шайланган. 2015-2021-жылдары “Республика-Ата Журт” партиясынын катарында парламенттин алтынчы чакырылышында депутат болгон. (ErN)
Шерине