Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:22

Тергөөчү сотко Карасартованын камак мөөнөтүн узартууну өтүнүп кайрылды


Рита Карасартова соттук отурумдардын биринде. Архивдик сүрөт.
Рита Карасартова соттук отурумдардын биринде. Архивдик сүрөт.

Камактагы укук коргоочу Рита Карасартованын ишин тергеп жаткан тергөөчү анын камак камак мөөнөтүн узартуу боюнча Бишкектин Свердлов райондук сотуна өтүнүч арызын берди. Бул тууралуу Карасартовага укуктук жардам көрсөтүп жаткан “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова маалымдады.

Анын белгилешинче, сот тергөөчүнүн өтүнүчүн 9-июнь, саат 17:30да карайт.

Абдирасулова Карасартовада учурда Кемпир-Абад ишинин алкагында ансыз да үй камагы бар экенин белгилеп, “ал эч жакка качпай турганын, ошондуктан үй камагына чыгарып коюуну” тиешелүү органдардан суранды.

Укук коргоочу Рита Карасартова 14-апрелде кармалып, үйү тинтүүгө алынган. 17-апрелге караган түнү Свердлов райондук соту аны бир айга камакка алган. Ушул эле сот 30-апрелде анын абактагы мөөнөтүн 12-июнга чейин узарткан. Карасартованы үй камагына чыгаруу тууралуу адвокаттардын өтүнүчүн Бишкек шаардык соту 29-майда карап, укук коргоочуну тергөө абагында калтырган.

Укук коргоочу өзүнүн кармалышын жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулуна (Куренов) таандык делген катты өзүнүн социалдык баракчасына жарыялаганына байланыштырган.

Прокуратура Карасартовага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Массалык башаламандыктар”) 3-пункту ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") боюнча айып тагылганын жарыялаган.

Укук коргоочунун кармалышына байланыштуу бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары тынчсызданып, кыргыз бийлигин аны бошотууга чакырып келет.

Рита Карасартова Кемпир-Абад ишине байланыштуу дагы камалып, бир нече саясатчы менен кошо Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кайра акталган. (ErN)

Шерине

XS
SM
MD
LG