Түштүк Кореяда эрте президенттик шайлоодо оппозициядагы Демократиялык партиянын талапкери Ли Чжэ Мён жеңди. Санактарга ылайык, ага шайлоочулардын 49% добуш берди, бийликтеги консервативдүү партиянын өкүлү Ким Мун Суга 41% тийди. Катышуучулардын саны жагынан 1997-жылдан берки рекорд коюлуп, 79% добуш берүүчү өз эркин билдирди.
Ага чейинки мамлекет башчыга импичмент жарыялангандыктан Ли Чжэ Мён дароо ант берип, кызматына киришти.
Шайлоо өлкө саясий бейстабилдүүлүккө батып, олку-солку өкүм сүргөн маалда өттү.
Мурдагы президент Юн Сок Ёл өткөн жылдын 3-декабрында "оппозициянын мамлекетке каршы ишмердүүлүгү өкмөткө жолтоо болуп жатат" деген жүйө менен аскердик абал жарыялаган.
Курч тирешүүлөрдөн кийин парламенттеги оппозициялык күчтөр аскердик абалды жокко чыгарууга жетишкен. 14-декабрда президентке импичмент жарыяланып, анын ыйгарым укуктары убактылуу токтотулган.
Жыл башында Юн Сок Ёл соттун ордери менен камакка алынган. Март айында тергөө абагынан чыккан жана өзүнө байланыштуу иштердин баарын мыйзамсыз деп сыпаттаган.
Маалымат агенттиктери кабарлагандай, Ли Чжэ Мёндун жеңиши Азиядагы төртүнчү ири экономикада ири саясий өзгөрүүлөргө алып келиши мүмкүн. Ал эми Сеулдун тышкы саясаты мындан ары кандай болору белгисиз. Жаңы президентти оппоненттери Кытай жана Түндүк Корея менен жакындашуу аракети үчүн айыптап келишкен. Ал өзү Вашингтон менен өнөктөштүктү негизги багыт деп атаган.
Медиа ошондой эле Ли Чжэ Мён түштүк кореялыктар бөлүнүп-жарылган, америкалык тарифтердин көтөрүлүшү камтама кылып жаткан учурда кызматка киришкенин белгилешет.
Шерине