Орусиянын теги тажик жараны Тахмина Самадова ага берилген батир сертификатын кайра кайтарып алуу үчүн сотко кайрылды.
Москванын жанындагы Мытищи шаарында турган жети балалуу келинге батир алуу үчүн баасы 24 миллион рубль болгон сертификат жыл башында берилген. Бул окуя тууралуу жаңылык, сүрөт, видеолор чыгар замат Орусияда социалдык тармактарда аларды сындаган, нааразы болгон билдирүүлөр көп чыккан.
Мытищи шаардык администрациясы текшерүүгө алынып, Самадовага кылмыш иши козголгон. Бул ишке байланыштуу соттук териштирүү июлда башталат.
Көп өтпөй Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин окуяны териштирүүнү тапшырган. Самадовадан сертификат кайра алынган, өзү алдамчылыкка күнөөлөнүп иш козголгон. Көп балалуу аял күйөөсүнүн кирешеси, турак жайы тууралуу жалган маалымат берген деп айыпталган. Самадова камакка алынып, кайра бошотулган, учурда ал дагы кош бойлуу.
Февраль айында аталган шаардык администрациянын башчысынын орун басарына "шалаакылыкка" байланыштуу кылмыш иш козголгон.
Самадова жана күйөөсү Рахимов балдары менен Орусияда 14 жылдан бери жашайт жана орус жарандыгын алышкан. Мамлекеттик Думанын депутаты Сергей Миронов аларды Орусиядан чыгаруу керектигин билдирген.
Росстаттын былтыр сентябрдагы сурамжылоосуна ылайык, Орусияга иштегени барып, ошол жакта жашап калган эмгек мигранттарынын эң көбү Тажикстандын жарандары (31%). Андан кийинки орунда Кыргызстандын жарандары турат (10%), Украина, Армения жана Казакстан үчүнчү орунда (ар бири 9%).
Шерине