Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, сүрөтчү, ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар боюнча эл аралык эксперти, коомдук ишмер Динара Чочунбаева 69 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Маркумдун сөөгү Ысык-Көлдүн Ж.Бөкөнбаев айылында жерге берилип, акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 2-июнда өттү. Бул тууралуу анын кесиптештери билдирди.
Динара Чочунбаева өткөн кылымдын 70-жылдарынын башында Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” (“Делбирим”) повестинин негизинде тартылган “Мен – Тянь-Шань” тасмасындагы Аселдин ролу аркылуу элге таанылган.
Ал 1956-жылы 5-сентябрда Бишкек шаарында төрөлгөн. 1971-жылы көркөм сүрөт окуу жайынын декоративдик бөлүмүн аяктаган. 1978-жылы Москва полиграфиялык институтунун басма продукциясын көркөм тариздөө бөлүмүн аяктап, 1978-1979-жылдары “Кыргызстан” басмаканасында көркөм редактор болуп иштеген. 1980-жылдан бери СССР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болгон.
Чочунбаева билим берүү, маданият, искусство, саламаттыкты сактоо жаатында ар кандай коомдук уюмдарды түзүп, активдүү ишмердүүлүк жүргүзгөн.
1986-2002-жылдары Республикалык эстетикалык тарбия берүү борборун түзүп, (РЭТББ) аталган борбордо 16 жыл директор болуп иштеген. 1996-жылы “Кыргыз Стиль” аттуу салттуу жана заманбап маданиятты өнүктүрүү борборун негиздеген.
2004-жылы Азия-Тынч океан аймагынын Кол өнөрчүлүк кеңешинин вице-президенти болгон.
2006-жылы “Кол өнөрчүлүк жана салттуу билим” коомдук фондун түзгөн.
2000-2008-жылдары Борбор Азиядагы кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө колдоо көрсөткөн уюмдардын Ассоциациясын – CACSAны жетектеген. Бул ассоциация аймактагы беш өлкөнүн 76 кол өнөрчүлүк уюмдарын бириктирип, салттуу кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү боюнча 50дөн ашуун долбоорду ишке ашырган.
2004-жылдан бери Борбор Азиядагы кол өнөрчүлүк продукциялар үчүн UNESCO/WCCнин “Сапат белгиси” программасынын регионалдык координатору болуп иштеген.
2006-жылы салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча эл аралык “Оймо” фестивалын негиздеген. Кыргызстандын, Тажикстандын, Грузиянын жана Түркиянын кол өнөрчүлүк тармагына байланыштуу бир нече изилдөөлөрдү жүргүзгөн. “Шырдак – кыргыз кийиз килеми” аттуу альбомдун жана бир катар макалалардын автору. Аларды ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүүгө чон салым кошкон.
2012-2016-жылдар аралыгында Борбор Азия боюнча Азия-Тынч океан аймагынын Бүткүл дүйнөлүк кол өнөрчүлүк кеңешинин вице-президенти болуп иштеген, ал эми 2017-жылы WCC-APR онлайн басылмасынын – “Азия кол өнөрчүлүгүнүн энциклопедиясынын” Борбор Азия боюнча координатору болгон.
2018-жылы Кыргызстанда материалдык эмес маданий мурастын негизинде ишкердикти өнүктүрүп жаткан жаш ишкерлерди колдоого багытталган Creative Spark долбоорунун эксперти болгон.
Билим берүү жана маданият тармагындагы ишмердиги үчүн мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктардын ээси болгон. Кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн жүздөн ашуун буюмдарын дүйнөлүк сапат стандарттарына жеткирип, эл аралык рынокко алып чыкканы үчүн “Даңк” ордени менен сыйланган.
Шерине