Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз жүк ташыган машина айдаган кыргызстандык жарандар бул өлкөдө маңзат соодасына шек саналып кармалганын билдирди. 2-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында отчет берип жатып, чет өлкөлөрдө кылмышка барган жарандардан улам тынчсыздануусун айтты.
"Кыргызстандан Европага барып иштеген айдоочуларга байланыштуу Францияда маңзат ташуу боюнча эки маселе болду. Негизги булак Литва болуп жатат. Ошол жерде кандайдыр бир туруктуу криминалдык уюмдар пайда болгон. Биз бул боюнча ачык жарыя кылып айта алган жокпуз. Бул жерде айтып жаткан себебибиз - ошондой иштерге бөгөт коюшубуз керек. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлүш керек. Ошол биздин азаматтар акчага алданып, литвалык компанияларга иштеп, маңзат ташып кармалып, сотто аябагандай оор жаза алууда. Өзүңөр билгендей биздин чамабыз да чектелүү. Элчиликтин болгону үч кызматкери бар",-деди элчи.
Ал маңзат менен кармалган кыргызстандыктар тууралуу мындан башка кеңири комментарий берген жок.
Элчинин маалыматына караганда, Францияда болжол менен ушул тушта 2,5 миңдей кыргызстандык жаран жүрөт жана алардын теңи Советтер Союзу урагандан кийин эле барып отурукташып, француз паспортун алган.
Шерине