Меценат, коомдук ишмер, маркум Ташкул Керексизовдун кызы Мээрим Керексизова Ысык-Көлдөгү "Аалам ордо" борборуна байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылды. Ал учурда бул жайдын директору экенин, анын макулдугу жок "Си Ай Групп" компаниясы бул жайда курулуш баштаганын билдирди. Муну рейдерлик басып алуу катары сыпаттап, президенттен жардам сурады.
"Мен “Рух-Ордо” маданий борборунун түзүүчүсү жана “Аалам-Ордо” этнокомплексинин негиздөөчүсү Ташкул Жанузакович Керексизовдун кызы катары Сизге кайрылып жатам. Атам өз элинин чыныгы патриоту, коомдук ишмер жана меценат болчу. Ал өмүрүн кыргыз маданиятын сактоого жана даңазалоого арнаган. Анын акыркы чоң максаты — Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде жайгашкан “Аалам-Ордо” долбоору болчу. Бул жер кыргыздын салт-санаасын келечек менен байланыштырып туруучу көпүрө болушу керек эле. “Аалам-Ордо” долбоорун атам өкмөттүн колдоосу жок, өз күчү менен баштаган. Айрым учурларда ал мамлекеттик тоскоолдуктарга карабай ишин уланткан. Мына ушул себептерден улам аталган обьекттин курулушу токтоп калган. Азыр болсо, атамдын эбегейсиз эмгеги “Си Ай Групп” компаниясы тарабынан жок кылынууда, алар бул жерге мыйзамсыз курулуш иштерин жүргүзүп жатат. Бул аракеттерди мен рейдерлик басып алуу катары баалайм. Мен бул мекеменин директору жана тең негиздөөчүсү катары эч кандай макулдук берген эмесмин. “Си Ай Групп” менен түзүлгөн келишим мага кабарланбай, башка негиздөөчүлөр тарабынан туура эмес мөөр менен жана үй-бүлөбүздүн ишенимине кирип алган юрист Александр Сергеевич Мощиндин активдүү катышуусу менен түзүлгөн. Бул адам өзүнүн аракеттерин таанымал адамдардын аты менен актаганга аракет кылган. Урматтуу Садыр Нургожоевич, сизден төмөнкү суроолорго көңүл буруп, жардам беришиңизди суранам: “Си Ай Групп” компаниясы кайсы негизде маданий мурасты жок кылып, бул жерге өз билгендей коммерциялык курулуштарды жүргүзүп жатат? Эмне үчүн өлкөбүздүн даңкын чыгара турган маданий объект ордуна күмөндүү багыттагы коммерциялык курулуштар пайда болууда?",-деп жазылган билдирүүдө.
Бул билдирүүдө аты аталган "Ай Си Групп" компаниясы жана юрист Александр Мощин азырынча комментарий бере элек. Президент жана анын администрациясы бул билдирүүгө реакция кыла элек.
2023-жылдын аягында Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Ташкул Керексизов түптөгөн Ысык-Көлдөгү “Рух Ордо” борбору мамлекетке өткөнүн, бюджетке дагы 537 миллион сом кайтарылганын билдирген.
Атайын кызмат борбор парламенттин мурдагы депутаты Борис Сандын уулу Александр Сандан алынганын кабарлаган. Александыр Сан анын алдында кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчы Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобу менен байланышы бар деген шек менен камалып, “кылмышка шериктеш болгон” деген айып тагылган жана көп өтрөй үй камагына чыккан.
Ташкул Керексизов 2021-жылы майда оорудан каза тапкан.
Шерине