Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:34

Зеленский орус аэродромдоруна чабуул жасоого 1,5 жыл даярдык көрүлгөнүн айтты


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын аэродромдоруна чабуул жасоого 1,5 жыл даярдык көрүлгөнүн билдирди. Ал жекшембидеги кечки кайрылуусунда "Желе" деп аталган атайын операциянын чоо-жайын айтып берди. Анда чабуул жасоого жалпысынан 117 дрон колдонулганын маалымдады.

"Эң кызыгы, муну азыр эми ачык айта берсе болот, биздин операциянын "кеңсеси" Орусиянын облустарынын бириндеги Федералдык коопсуздук кызматынын башкармалыгынын так эле жанында болчу. Канча дрон болсо ошонун баары колдонулду. Аэродромдордогу канаттуу ракеталарды алып жүргөн учактардын 34% жабыркады. Биздин адамдар Орусиянын үч башка аймагында иштеди",-деди Зеленский.

Буга чейин украин тарап согушта колдонулган 40тай учак жок кылынганын билдирген.

1-июнда Орусиянын Мурманск, Иркутск, Иваново, Рязан жана Амур облустарындагы аэродромдорунда жарылуулар болгон. Анда жүк жүктөөчү машиналарда катылган дрондор учурулуп, чабуул жасаганы маалымдалган.

Соцтармактарда жарыяланган видеолордон тизилип турган бир нече учак күйүп жатканын көрүүгө болот.

Орусия бул окуяларды теракт деп жарыялаган. Коргоо министрлиги аэродромдор бутага алынганын тастыктап, бул үчүн Украинаны айыптаган.

Мунун алдында, 31-майда кечинде Брянскиде Москваны көздөй бараткан жүргүнчү ташыган поездге машина өтчү жолдогу көпүрө кулап, бери дегенде жети адам мерт болгон, 70тен ашык адам жараат алган, үчөөнүн абалы оор экени кабарланган. 1-июнга оогон түнү Курскиде товар ташыган поезд өтүп баратканда темир жолдогу көпүрө кыйрап, үч адам жараат алган. Орусия бул окуяларды дагы теракт катары мүнөздөгөн.


Шерине

XS
SM
MD
LG