Президент Садыр Жапаров коррупцияга каршы күрөштүн алкагында өлкө казынасына 200 миллиард сомдон ашык акча, 1100дөн көп кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк мамлекеттин карамагына өткөнүн билдирди.
Ал бул тууралуу 31-майда Бишкекте Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) борбордук аппаратынын жаңы имаратынын ачылышында айтты.
Мунун алдында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөш уланып жатканын айткан. Жыл башында ал эки жылдын ичинде паракорчулукту толук жоюу ниети бар экенин билдирген.
Былтыр жыл соңунда Садыр Жапаров коррупцияга айыпталгандарга жазаны күчөтүү каралган мыйзамга кол койгон. Жогорку Кеңеш УКМК иштеп чыккан мыйзам долбоорун 25-декабрда карап, экинчи жана үчүнчү окууда колдогон.
Мыйзамда “Коррупция” беренеси менен соттолгондорго мамлекеттик кызматта иштөөгө өмүр бою тыюу салуу каралган. Андай адамдардын жакындары, туугандары да мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштей албайт.
Transparency International эл аралык уюму жыл башында 2024-жылдагы дүйнөдөгү жемкорлуктун индексин чыгарган. Кыргызстан бул рейтингде жалпы 100 баллдан 25 упай алып, беш баскыч артка кеткен жана дүйнөдөгү 180 өлкөнүн ичинен 146-орунга жайгашкан.
Шерине