28-майдын таңында Kloop басылмасынын Оштогу кабарчысы Зыягүл Болот кызынын үйү тинтүүгө алынып, укук коргоо органдары аны суракка алып кетишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Kloop басылмасынын башкы редактору Анна Капушенко билдирди.
Маалыматты журналисттин жакындары да ырастап, Зыягүлдү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Ош шаардык жана Ош облустук мекемесине алып кетишкенин билдиришти.
Жергиликтүү журналисттер УКМКнын аймактык бөлүмүнө барып, атайын кызматтан маалымат ала алышкан жок.
УКМКнын коомчулук менен байланыш бөлүмү да Зыягүл Болот кызынын үйү тинтилгени жана ал суракка алынганы жөнүндө азырынча комментарий бере элек.
Баштапкы маалыматтарга ылайык, укук коргоо кызматкерлери тинтүүдөн кийин Зыягүл Болот кызынын ноутбугун жана смартфонун алып кетишкен.
25 жаштагы Зыягүл Болот кызы Ош мамлекеттик университетинин журналистика адистигинде билим алган. Буга чейин Оштогу T-Media телеканалында иштеген, жакындан бери Kloop басылмасынын Оштогу кабарчысы болуп эмгектенип жаткан.
Бишкектин Октябрь райондук соту 2024-жылы 9-февралда “Клооп Медиа” коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарган. Буга Бишкек шаардык прокуратурасынын “Kloop” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы” жазылган арызы себеп болгон. Учурда Кыргызстанда Kloop басылмасынын сайты бөгөттөлүп турат. (ErN)
Шерине