Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Трамп Путинди дагы сындап, "от менен ойноп жатат" деп билдирди


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп орус президенти Владимир Путинди дагы сындап, эгер анын саясаты болбосо Орусия "олуттуу көйгөйлөргө кабылмактыгын" айтты.

Ал өзүнүн Truth Social соцтармагындагы баракчасы аркылуу "Владимир Путин эгер мен болбосом Орусияда абдан көп жаман иштер болмоктугун, АЯБАЙ ЖАМАН болмоктугун түшүнбөй жатат. Ал от менен ойноп жатат",-деп билдирди.

Трамп адаттагыдай эле айрым сөздөрдү чоң тамга менен белгилеп жазды.

АКШнын президенти соңку билдирүүсүндө эмнеден улам доомат коюп жатканын тактаган жок. Бирок дүйшөмбү күнү ал Орусиянын Украинага жасаган соңку жапырт чабуулунун улам Путинди сындап, ал "көп адамдарды өлтүрүп жатат", "акылынан такыр айнып калды" деп билдирген.

Кремл мындай дооматтарга комментарий бере элек.

Wall Street Journal басылмасы өз булактарына таянып Трамп ушул аптада Орусияга санкция салуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын жазган. АКШнын президенти Украина менен Орусиясынын тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүү аракеттеринен чарчаганын, эгер андан майнап чыкпаса бул процесстерге катышуудан баш тартууну дагы караштырып турганын белгилеген.

Стамбул шаарында 16-майда 2022-жылдын жаз айларынан бери алгачкы орус-украин бетме-бет сүйлөшүүсү өткөн. Бирок анын жүрүшүндө ок атышууну токтотуу макулдашылган эмес, Киев Москваны "аткарылгыс талаптарды коюп жатат" деп айыптаган.

Буга чейин Трамп Путин менен жолукмайынча тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн эч кандай натыйжа болбой турганын айтып келген. Кошмо Штаттарынын президенти Ак үйгө кайтып келгенден бери Украинадагы согушту токтотуу аракетин көрөрүн такай билдирип жатат.


Шерине

XS
SM
MD
LG