Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:32

WSJ: Трамп Москвага санкция салышы же Украина тууралуу сүйлөшүүлөрдөн чыгышы мүмкүн


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп ушул аптада Орусияга санкция салуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу Wall Street Journal басылмасы өз булактарына шилтеме кылып жазды. Ага ылайык, жаңы банктык тыюулар болбошу мүмкүн, бирок орус президенти Владимир Путинди тынчтык сүйлөшүүлөрүнө барышы үчүн кепке-сөзгө келтирип, ага басым кылуунун башка варианттары каралып жатат.

WSJ басылмасынын ырасташынча, Трамп тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүү аракеттеринен чарчады жана андан майнап чыкпаса бул процесстерге катышуудан баш тартууну караштырып жатат.

Ошол эле маалда мындай сүйлөшүү жараянынан АКШ чыкса эмне болору, Вашингтон Киевге аскердик жардам көрсөтүүсүн улантабы же жокпу, белгисиз.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт бул басылмага "президент Трамп сүйлөшүү жолу менен тынчтык келишимине жетүү керектигин так билдирди" деген оюн айткан.

Трамптын сүйлөшүү процесстеринен чыгышы мүмкүндүгүн New York Times дагы жазган, бирок басылманын булактары АКШнын президенти европалык лидерлерге Москвага каршы санкцияларды катаалдатуу ниети жоктугун ишара кылганын айтып берген.

Трамп Орусиянын Украинага жасаган соңку ири чабуулдарынан улам Путинди сындаган. Ал өзүнүн Truth Social соцтармагындагы баракчасына Путинге "ичи чыкпай" жатканын белгилеп, аны "акылынан айнып калган" деп айыптаган. Ошол эле маалда украин президенти Владимир Зеленскийди дагы доомат койгон.

Стамбул шаарында 16-майда согуш башталган үч жылдан берки алгачкы орус-украин бетме-бет сүйлөшүүсү өткөн. Бирок анын жүрүшүндө ок атышууну токтотуу макулдашылган жок, Украина Орусияны "аткарылгыс талаптарды коюп жатат" деп айыптаган.

Буга чейин Трамп Путин менен жолукмайынча тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн эч кандай натыйжа болбой турганын айтып келген. Кошмо Штаттарынын президенти Ак үйгө кайтып келгенден бери Украинадагы согушту токтотуу аракетин көрөрүн такай билдирип жатат.


Шерине

XS
SM
MD
LG