Израил армиясы (ЦАХАЛ) бардык жөө аскерлерин жана танк бригадаларын Газа секторунун аймагына киргизгенин The Times of Israel басылмасы жазды. Басылманын 24-майдагы маалыматына караганда, ХАМАСка (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук топ деп жарыяланган) каршы кармаш сектордун түндүгүндө жана түштүктөгү Хан-Юнис районунда жүрүп жатат, абадан жапырт сокку урулууда.
Бир нече күн мурда израил аскерлери бул аймактардагы элди гуманитардык райондорго кетүүгө үндөгөн.
Андан мурдараак ЦАХАЛ 24 саат аралыгында ХАМАС инфраструктура катары колдонуп жүргөн 100дөй жай бутага алынып, талкаланганын маалымдаган.
ЦАХАЛ барымтада кармалып турган адамдарын бошотуп алмайынча, ХАМАС курал-жарагынан ажыратылмайынча чабуулдарын уланта берерин билдирген.
2023-жылы 7-октябрда ХАМАС Газа секторунан Израилге кол салганда бир күндө 1197 кишини өлтүрүп, 251 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын айрымдары бошотулуп, кээ бирлери каза болгон. Израил октябрдагы кандуу окуядан кийин ХАМАСты жок кылууга убада берген жана Газа секторунда чабуул баштаган. Ошондон бери Газада каза болгондор 54 миңге чукулдаганын сектордун саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө. (RK)
Шерине