Украина Орусиянын туткунунда жаткан дагы 303 жаранын кайтарып алганын билдирди. Өлкө президенти Владимир Зеленский 25-майда социалдык түйүндөр аркылуу:
"303 украиналык коргоочу өз үйүндө. Түркияда макулдашылган 1000/1000 алмашуу келишиминин үчүнчү бөлүгү аяктады. Бүгүн Куралдуу Күчтөрүбүздүн, Улуттук гвардиянын, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Мамлекеттик атайын транспорт кызматынын жоокерлери мекенине кайтып келүүдө. Бул айырбаштоону ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн күнү-түнү иштеген командага ыраазычылык билдирем. Биз ар бир жараныбызды орус туткунунан сөзсүз кайтарабыз", - деп кабарлады.
Кезектеги туткун айырбаштоо жараянын 1000/1000 форматында жүргүзүүнү эки тарап жакында Стамбулда өткөн түз сүйлөшүүдө макулдашышкан.
Бул жараян 23-майда башталып, туткун айырбаштоо Украинанын Беларус менен чек ара тилкесинде өткөн. Беларус Орусиянын эң жакын союздашы. Расмий Минск Москванын Украинага каршы согушун колдоп чыккан.
23-майда 307, ал эми 24-майда 390 украиналык орус туткунунан бошотулган. Зеленский "Эки күндө 697 киши кайтарылды. Алардын 273үн Донецк облусунан кармап кетишкен, көбүн 2022-жылы. Калгандары Херсон, Запорожье, Харьков жана Луганск облусунун аймагында туткунга түшкөндөр. Биздин максат — баарын, орус туткунундагы ар бир кишини алып келүү. Муну ишке ашырыш үчүн өнөктөштөрүбүз менен иштешип жатабыз", — деп 24-майда жазган.
Жараян жүрүп жаткан үч күн бою Украинанын бир нече аймагын, борбор калаасын Орусия түнкүсүн ракета жана дрон менен аткылап жатты. Жекшембиге караган түнкү чабуулдардан кеминде 12 өмүр кыйылды.
Зеленский 25-майда орус бийлигинин агрессиясын айыптап, эл аралык коомчулукту, АКШны, "үн катпай жатышат" деп сындады:
"Орустардын мына ушундай ар бир террордук соккусу - Орусияга каршы жаңы санкцияларды жарыялоого жетиштүү себеп. Орусия согушту создуктуруп, күн сайын адамдарды өлтүрүп жатат. Тынчтыктын жолун тапса болот, бирок согуш дагы эле уланууда. Муну көз жаздымда калтырган болбойт. Американын үн катпай турганы, башкалардын унчукпай турганы Путинге дем гана берүүдө". (RK)
Шерине