Бишкекте машина уруп кетип, бир жарым айдан бери комада жаткан өзбекстандык студент Азиза Гулмуродова мекенине жеткирилди. Улуттук госпиталдан ырастагандай, бейтапты 24-майда учак менен алып кетишкен.
Маалыматты Өзбекстандын бийлигине жакын булактар да бышыкташты. Алардын билдиришинче, Азиза Ташкентке жеткирилди.
Бишкектеги Эл аралык медициналык университеттин акыркы курсунда окуп жаткан өзбекстандык Азиза Гулмуродова 2-апрель күнү жолдон өтүп баратканда машине уруп кеткен. Жол кырсыгы көчөгө коюлган видео байкоого түшүп калган. 25 жаштагы Азиза кырсык болгондон бери ооруканада эсине келбей жаткан.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы өзбекстандык студент кызды сүзүп кеткен 26 жаштагы айдоочу камалганын билдирген. Бул фактыга байланыштуу кылмыш иши козголуп тергелип жатканын, тиешелүү экспертизалар дайындалганын кабарлаган.
Окуя тууралуу маалымат таркаган соң кыргызстандыктар жабыркаган кызга жардам берүү үчүн каражат чогултуу акциясын жүргүзгөн. Соңку жарыяланган маалыматтарга караганда, чогултулуп жаткан каражаттын суммасы 700 миң сомдон ашкан. Акча которуу дагы деле уланууда.
Кызын мекенине алып кете албай кыйналган апасы Дилафруз Каримова Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге жардам сурап кайрылган.
"Азаттык" Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигине кайрылганда бул маселени консулдук карап жатканын айткан.
Азиза кабылган окуя тууралуу "Азаттык" атайын макала даярдаган.
Шерине