Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 25-май күнү Арменияга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
27-майда жыйынтыктала турган сапар алкагында төрага Армениянын Улуттук Жыйынынын төрагасы Ален Симонян менен эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүп, парламент аралык кызматташтыкка байланышкан маселелерди талкуулайт. Муну менен катар жогорку деңгээлдеги бир катар жолугушуулар да мерчемделген.
Делегациянын курамында депутаттар Бактыбек Сыдыков, Улугбек Ормонов, Мурадил Сыдыков, Ырысбек Атажанов, Элмурза Сатыбалдиев, Медербек Саккараев жана Жаныбек Кыдыкбаев бар.
Армениянын Тышкы иштер министрлигинин сайтында белгиленгендей, бул Кыргызстандын парламент төрагасынын Ереванда өтө турган алгачкы сапары болмокчу.
Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы парламент аралык кызматташуусу боюнча келишим 1997-жылы түзүлгөн. Муну менен катар өлкөлөр КМШ, ЖККУ, ЕАЭБ жана ЕККУ сыяктуу эл аралык уюмдардын парламенттик ассамблеяларында да кызматташат.
Армян өкмөтүнүн башчысы Никол Пашинян Армения Орусия үстөмдүк кылган Жамааттык коопсуздук келишим уюмундагы (ЖККУ) каржылык төлөмдөргө катышпай турганын, бул аскердик бирикмедеги мүчөлүгүн токтотконун жарыялаган жана өлкөнүн Европа Биримдигине кирүү ыктымалдыгы тууралуу айткан. Ошондой эле ал Азербайжан Тоолуу Карабакты көзөмөлүнө алган кезде жана эки өлкө ортосунда чек ара сүйлөшүүлөрү оңой эмес болуп жаткан чакта ЖККУга таяна албай койгонун бир нече жолу айткан. Бирикмеде үстөмдүк кылган Москва, өз кезегинде, Арменияны батышчыл позициясы үчүн айыптаган.
Шерине