Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:49

Киев дрон жана баллистикалык ракета чабуулуна кабылды


Киев. 2025-жылдын 24-майы.
Киев. 2025-жылдын 24-майы.

Украинанын борбор калаасы Киев 24-майга караган түнү Орусиянын жапырт аткылоосуна кабылганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты. Дээрлик жети саат бою орус аскерлери Киевге согуштук дрон жана баллистикалык ракета менен чабуул коюп чыгышканы маалымдалды.

Борбор калаанын үстүнөн "Искандер" баллистикалык ракеталардан алтоону атып түшүрүшкөнү, жалпысынан бул түнү Орусия Украинанын аймагына мындай ракеталардан 15ти учурганы белгилүү болду.

Ал эми учкучсуз учактардан 250сү учурулганы, анын 245и жок кылынганы айтылды. Киевдин улам бир жеринде жарылуу болгону, дрондун сыныгы түшкөн жерлерде өт тутанганы, көп кабаттуу үйлөргө зыян келтирилгени кабарланды.

Эртең 25-майда Киевде шаар күнү белгиленет.

Калаа мэри Виталий Кличконун айтымында, ишембиге караган түнкү чабуулдан жабыркаган эки жайкын тургун ооруканага жаткырылды, жараат алган дагы алты адамга медициналык жардам жеринен көрсөтүлдү.

Орусия Украинага каршы толук масштабдуу согушун 2022-жылдын февралында баштаган. Атышууну токтотуу аракеттеринен майнап чыга элек. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG