Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:48

УКМК кармаган Ош шаарынын казысын сот үй камагына чыгарды


Ош шаары.
Ош шаары.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош шаардык казыятындагы мыйзамсыз акча чогултууга шектүү катары кармаган Т.М.Б. шаардык соттун чечими менен үй камагына чыгарылды. Анын бөгөт чарасынын мындай түрү бир айга, 18-июнга чейин деп аныкталды. Бул тууралуу Ош шаардык сотунун басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирип, токтом 23-майда кабыл алынганын кабарлады.

Маалыматта УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү сотто канааттандыруусуз калтырылып, шектүү үй камагына чыгарылганы, ага айып катары коюлуп жаткан кылмыштын түрү оор деп эсептелери, бирок туруктуу жашаган дареги, жашы жете элек эки баласы бар экени, мурда соттолбогону, ден соолугу начар экендиги, жакында эле дарыланып чыккандыгы эске алынганы айтылды.

23-майда УКМКнын маалымат борбору Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы жүргүзгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында Ош шаардык казыятынын жооптуу кызматкерлери калаа аймагында жайгашкан мечит, медреселердин кызматкерлеринен мыйзамсыз жана системалуу түрдө акча чогултуп келгени аныкталганын билдирген.

Иш Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (“Алдамчылык”) негизинде козголгону белгиленген.

"Казыяттын кызматкерлеринин жеке кызыкчылыгындагы бул аракеттер, өз кезегинде, казыяттын ишмердүүлүгүнө гана эмес, мамлекеттик бийликтин дарегине карата да нараазычылык пайда кылган. Козголгон кылмыш ишинин алкагында Ош шаардык сотунан тинтүү жүргүзүүгө уруксат алынып, Ош шаардык казыятынын Т.М.Б., М.Ж.М., Д.Б.Х. жана С.А.К аттуу кызматкерлеринин үйүндө жана Ош шаардык казыятындагы иш бөлмөлөрүндө тинтүү жүргүзүлдү. Жыйынтыгында акча чогултуу фактылары аныкталып, Т.М.Б., М.Ж.М. соттун бөгөт коюу чарасы тандалганга чейин УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп айтылган УКМКнын маалыматында.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын (Муфтият) сайтындагы Ош казыяты боюнча расмий маалыматта шаар мусулмандарынын казысы деп Мирланбек Токтомушов көрсөтүлгөн. Бул ат УКМК тараткан маалыматтагы Т.М.Б. дегенге туура келет (Токтомушов Мирланбек Бакишович). Ош шаарынын казысы болуп Токтомушов 2023-жылдын башында дайындалган, ага чейин, 2019-жылдан бери шаардык казынын орун басары болуп турган.

Муфтият, шектүүлөрдүн адвокаттары жана жакындары УКМКнын маалыматы боюнча комментарий бере элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG