АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон Евробиримдиктен ташылган товарга 1-июндан тарта 50% тариф киргизерин жарыялады. Бул тууралуу ал Truth баракчасына жазды.
"Алардын соодага кылган тоскоолдуктары, салык, корпорацияларга байланыштуу күлкү келтирген айыптар, монетардык эмес соода чектөөлөрү жана манипуляциялар, америкалык компанияларга каршы адилетсиз жана негизсиз соттук териштирүүлөр жана башка нерселер Америка Кошмо Штаттары менен жылына 250 млн доллардан ашык соода таңкыстыгына жеткирди, бул таптакыр кабыл алынгыс," - деди Трамп.
АКШ лидери Европа өлкөлөрү менен сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга электигин кошумчалады.
Трамптын бул билдирүүсү Европа комиссиясынын соода өкүлчүлүгүнүн башчысы Марош Шефчович жана АКШнын соода өкүлү Жеймисон Грирдин телефон сүйлөшүүсүнө чейин жарыяланды.
Дональд Трамп 5-апрелден тарта АКШнын дээрлик бардык соода өнөктөштөрүнө жаңы бажы төлөмдөрүн киргизерин жарыялаган. Айрыкча ал Европа Биримдигинен импорттолгон товарларга 20% тариф кирерин билдирген. Британия үчүн бул көрсөткүч 10% түзөт, ал эми айрым өлкөлөр үчүн — 40% жана андан да жогору болушу мүмкүн. Бул кадам АКШнын соода саясатынын жаңы, агрессивдүү багытын көрсөтүп, глобалдык экономикалык алакаларга олуттуу таасир тийгизери күтүлүүдө.
- 9-апрелде Трамп 75тен ашуун өлкөгө бажы төлөмдөрүн киргизүүнү 90 күнгө жылдырганын жарыялады. Ошол эле маалда Кытайга бажы төлөмдөрү 125% пайызга чейин көтөрүлдү. Мунун артынан эле Кытай да жооп кайтарып, АКШдан импорттолуучу товарларга бажы төлөмдөрүн 125% чейин жогорулата турганын жарыялады.
- Евробиримдик да АКШ товарларына 25% бажы төлөмдөрдү киргизүүнү 90 күнгө жылдырды. Бул кадамдар соода согушунун жаңы толкунун баштап, глобалдык экономикалык чыңалууну күчөтүүдө. (AiA)
Шерине