"Чоң жетиге" (G7) кирген өлкөлөрдүн каржы министрликтери Москва Киев менен ок атышууну токтотуу тууралуу бир чечимге келбесе, Орусияга басымды күчөтүү уланарын билдирди. Бул тууралуу "Чоң жетинин" Украинадагы согушту токтотууга чакырган биргелешкен коммюникесинде айтылат.
Маалыматка караганда, алар согушта Орусияны колдогон же каржылаган өлкөлөрдүн Украинаны калыбына келтирүүгө катышуусуна тыюу салган механизмди иштеп чыгууну макулдашышты. G7ге кирген өлкөлөрүдүн көпчүлүгү Орусиянын энергетикалык ресурстарын сатып алып келет.
Буга чейинки жолугушууда Орусияга колдоо көрсөткөн Бээжин жана Пхеньян кескин сынга кабылган. Бул жолу кайсыл бир өлкөнүн аты аталган эмес.
2022-жылы бул топ орус мунайынын баасына чек коюуну макулдашкан. Эгерде Орусиядан мунай белгиленген чектен кымбат сатылып алынса, аны деңиз аркылуу ташууга тыюу салынмак. Бирок эл аралык иликтөөлөр көрсөткөндөй, Орусия бул чектөөнү кыйгап өтүүдө.
“Чоң жетинин” курамына Италия, АКШ, Канада, Жапония, Франция, Германия, Британия кирет. Орусия 2014-жылы Крымды аннексиялап алгандан кийин андан чыгарылган. (AiA)
Шерине