Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:34

"Кемпир-Абад" иши: Илгиз Шаменовдун ишин шаардык сот өзүнчө карайт


"Кемпир-Абад" ишине байланыштуу кармалып, акталгандар. Архивдик сүрөт.
"Кемпир-Абад" ишине байланыштуу кармалып, акталгандар. Архивдик сүрөт.

Бишкек шаардык соту "Кемпир-Абад" ишинде активист Илгиз Шаменовдун (Илгиз Сарылдык уулунун) делосун ал "катуу ооруп жатканына байланыштуу" деген негизде өзүнчө карамай болду. Бул тууралуу "кемпирабадчылардын" бири, экс-депутат, саясатчы Равшан Жээнбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Шаменов менен анын адвокаты бул тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Равшан Жээнбеков 23-майдагы процессте шаардык соттун судьясы Адис Момуналиевге "ишенбестик" көрсөтүшкөнүн, бул өтүнүч четке кагылганын билдирди. Судья өзү буга байланыштуу түшүндүрмө берген жок.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад ишине байланыштуу “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчыны, активистти былтыр 4-июнда актаган. Мамлекеттик айыптоочулар алардын ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын соттон сураган.

Башкы прокуратура райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылган жана процесс былтыр 6-августта башталган.

Былтыр 29-ноябрда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалып, акталгандар менен жолуккан. Алардын арасында Илгиз Шаменов дагы болгон.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Алардын баары күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Кемпир-Абад ишине Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы “жашыруун” грифин койгон.


Шерине

XS
SM
MD
LG