Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Орусиянын чабуулунан Херсондо бир киши набыт болду, 10дон ашык адам жаракат алды


Украина. (архивдик сүрөт)
Украина. (архивдик сүрөт)

22-майга караган түнү Орусия Украинанын Херсон облусунун 30дай калктуу конушуна абадан сокку урду. Бул тууралуу облустук администрациянын башчысы Александр Прокудин билдирди.

"Облустун 85 жаштагы тургуну алган жараатынан улам каза тапты. Орус аскелерлери социалдык инфратүзүмдөргө сокку урду. Облустагы тогуз турак үй жана төрт көп кабаттуу үй жабыркады", - деди ал. Соккунун кесепетинен 11 адам жаракат алганын кошумчалады.

Бейшембиге караган түнү Украинанын Донецк облусунуда сегиз адам жаракат алды.

Харьковдун жергиликтүү бийлиги өткөн түнү бир киши каза болуп, беш адам жабыркаганын билдирди. Облус жетекчилиги 10 турак үй чабуулга туш болгонун кошумчалады.

Украин бийлиги өткөн түнү Орусия Украинанын аймагына 128 дрон менен чабуул жасаганын кабарлады. Маалыматка караганда, алардын 112си атып түшүрүлгөн же бутага жеткен эмес.

Москва далилдерге карабастан Украинанын шаарлары менен айылдарынын жарандык инфраструктурасына чабуул жасап, социалдык объектилерин талкалап жатканын четке кагып келет.

Украин бийлиги жана эл аралык уюмдар бул соккуларды Орусиянын "аскердик кылмышы" катары санайт. (AiA)


Шерине

XS
SM
MD
LG