Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) 20-майда пандемия маалында көрүлүүчү аракеттер тууралуу макулдашуу кабыл алды. Документ тууралуу COVID-19 пандемиясынан улам башталган сүйлөшүү үч жылга созулган.
Натыйжада макулдашууну дүйнөнүн 124 өлкөсү колдоду, ал эми Орусия, Италия, Словакия, Польша, Израил жана Иран баштаган 11 өлкө добуш берүүдөн карманды.
Документ Женевадагы Саламаттык сактоонун дүйнөлүк ассамблеясынын 78-сессиясында кабыл алынды. Анда дары-дармекти, вакциналарды, медициналык каражаттарды иштеп чыгуу маселелери каралган.
ДСУнун башкы директору Тедрос Адхан Гебрейесус дүйнө өлкөлөрүнүн лидерлери муну менен акыйкаттуулук принцибин бекемдеп, өз өлкөсүн жана дүйнөлүк коомчулукту пандемикалык потенциалы бар вирустардын жана патогендердин жайылышынан коргоого салым кошконун" айтты.
AFP агенттиги талкуу курч мүнөздө өткөнүн, анын жүрүшүндө бай мамлекеттер менен өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн ортосунда пикир келишпестиктер жаралганын жазды. Анда негизинен коронавирус пандемиясы маалында вакцина менен камсыз кылууда акыйкатсыздык жагдайлар орун алганы айтылганын белгиледи.
Макулдашуу кеминде 60 мамлекеттен ратификациядан өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Шерине