Орусиянын Тергөө комитетинин жетекчиси Александр Бастрыкин өлкөгө келген мигранттардын милдеттүү түрдө биометрикалык каттоого туруусун киргизүүнү сунуш кылды.
Петербургдагы эл аралык юридикалык форумда сүйлөгөн Бастрыкин муну менен чет өлкөлүктөр мыйзам бузганда аларды тез аныктоо мүмкүн болорун кошумчалады.
Орусиянын мыйзамдарында эмгек мигранттары 30 күндүн ичинде дактилоскопиялык каттоого туруп (манжаларынын изин тапшырып), сүрөткө түшүүгө тийиш деген норма бар.
Ушундай эле эреже Орусияда 90 күндөн ашуун калууну пландаган чет өлкөлүктөргө жайылат.
Бастрыкиндин айтымында, быйылкы жылдын январь-март айларында чет элдик жарандар жасаган кылмыштардын саны 15% өскөн. Мигранттар аралашкан өтө оор кылмыштар 65% көбөйгөн. Кылмыштардын жарымынан көбү маңзатты мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан.
Бастрыкин мигранттардын сөзсүз иш берүүчү менен эмгек келишими болууга тийиш деп кошумчалады:
“Келишимдин мөөнөтү бир жылдан ашпашы керек. Эмгек келишими аяктагандан кийин мекенине кетүүгө тийиш. Эң негизгиси аялдарын, күйөөлөрүн, чоң эне, чоң аталарын, балдарын алып келбеши керек. Алар бул жерге иштегени келет. Анын баарын ишкер төлөсүн”.
Ушул жылдын 30-июнунан тартып Орусияга киргени жаткан чет өлкөлүктөргө, анын ичинде кыргыз жарандарына эреже-шарт дагы катаалдайт. Ага ылайык, Орусияга барам деген чет элдик 72 сааттан кечикпей бул өлкөлөгө келген, жүргөн себебин, максатын көрсөтүп, атайын мобилдик тиркемеге арыз калтырышы керек.
2024-жылы Москвада “Крокус Сити Холлдо” кеминде 145 кишинин өмүрүн алган куралдуу чабуулдан кийин Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөгөн. Кылмышка шектүүлөрдүн көбү тажик тектүү жарандар экени аныкталып, кармалган.
Расмий Москва ошондон бери мигранттарга талап-эрежелерди кыйла катаалдатып, аларга каршы мыйзамдар кабыл алынып жатат.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, 2025-жылдын январына карата 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынган. Буга чейин мигранттар, анын ичинде Кыргызстандын дагы жарандары Орусиянын чек арасынан кире албай артка кайтарылган учурлар болгон.
Шерине