Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:42

Чачыранды алтынга байланыштуу 96 лицензия берилген, 10 фирма иштеп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда чачыранды алтын казып алууга жалпысынан 96 лицензия берилген, анын теңинен көбү, тактап айтканда, 67си казып алууга, калгандары чалгындоо үчүн алынган. Учурда он гана компания алтын чайкап жатат.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты комитетинин жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Кубат Касейинов билдирди. Ал лицензиянын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад облусунда берилгенин белгиледи.

"Чаткал району боюнча 45, Ала-Букада эки, Аксыда алты лицензия берилген. Ушул жылдын башына карата иш жүргүзгөн он компания болду, жалпысынан 166 килограмм алтын казылган. Укук коргоо органдарынын каттарынын негизинде чачыранды алтын казган Жалал-Абаддагы 35 компанияны пландан сырткары текшерүү болгон. Натыйжада мамлекетке, экологияга келтирилген зыянга байланыштуу 1 миллиард 39 миң сом доо коюлган. Бүгүнкү күндө анын 163 миллион сому өндүрүлдү",-деди Касейинов.

Аталган комитет 20-майдагы жыйында чачыранды алтын казып алууга байланыштуу кырдаалды, айлана-чөйрөгө тийгизген таасири жөнүндө маалымат алды. Айрым депутаттар бул тармакка көңүл бурууну күчөтүү, лицензиясы бар, бирок кен каза элек компанияларга чара көрүү өңдүү сунуштарды айтышты.

Өлкөдө чачыранды алтын казуунун пайдасынан зыяны көптүгү тууралуу талаш-талкуу токтобой келет. Мындан улам өкмөт токтому менен чачыранды алтын казууга 2020-жылы мораторий кирген. Бирок ошол маалга чейин берилген лицензиялардын мөөнөтүн узартуу каралып калган.

Буга чейин суунун жээгинен алтын чайкаган бир катар фирмалар мыйзам бузган учурлар катталган.

Улуттук коопсуздук комитети былтыр июнда Жалал-Абадда кен казган компаниялардын ишин көзөмөлдөө үчүн атайын мамлекеттик ишкана түзүү каралып жатканын билдирген. Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорунда мындай фирмалардын айынан экология зыянга учурап, дээрлик 2 миллиард сомдук чыгым аныкталганын маалымдаган. Мындай ишкана түзүлүп-түзүлбөгөнү тууралуу маалымат берилген эмес.

Буга чейин айрым жергиликтүү тургундар, экологдор айрыкча Чаткалда алтын казган, чайкаган компаниялардын айынан жаратылыш бүлүнүп жатканын айтып келген.


Шерине

XS
SM
MD
LG