Иран жана Азербайжандын атайын багыттагы күчтөрү Тоолуу Карабактын аймагында машыгуу өткөрүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыктын» азери кызматы өлкөнүн Коргоо министрлигине шилтеме менен кабарлады. Машыгуу 21-майга чейин уланмакчы.
IRNA агенттиги жазгандай, Иран тараптан иш чарага Ислам революциясынын сакчылар корпусунун бөлүктөрү катышууда. Корпустун өкүлү генерал Уали Маднинин айтымында, машыгуу “чек ара аймагындагы коопсуздукту бекемдөө жана ыктымал коркунучтарга каршы турууда олуттуу кадам болду”.
Апрелде Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Бакуда азери лидери Илхам Алиев менен сүйлөшкөндө Тегеран “эки өлкөнүн бардык тармактардагы мамилелеринин стратегиялык деңгээлге чыгышы үчүн бар аракетин жумшарын” айткан.
Азербайжан Израилдин жакын өнөктөшү болгондуктан Ислам жумурияты менен алакалар чыңала түшкөн. Тараптар бири-биринин чек арасына жакын жерде аскердик машыгуу өткөргөнү үчүн нааразылыгын билдирип келген.
2023-жылы Азербайжандын Тегерандагы элчилигине куралдуу кол салуу болгондо дипломатиялык өкүлчүлүктүн бир кызматкери каза таап, экөө жарадар болгону маалымдалган. Окуядан кийин дипломаттар Бакуга эвакуацияланган.
“Азаттыктын” азери кызматы элчилик былтыр июлда ишин калыбына келтиргенин жазган.
Эл аралык укук боюнча Тоолуу Карабак Азербайжанга таандык, бирок 1990-жылдардын башынан бери Баку бул аймакты көзөмөлдөбөй келген. 2020-жылы ортодо кезектеги куралдуу кагылыш болуп, анын көпчүлүк аймагы, ал эми 2023-жылы толук бойдон азери өкмөтүнүн карамагына өткөн. Тоолуу Карабак республикасы деген жикчил аталыш жоюлган. Басымдуу бөлүгүн армяндар түзгөн эл, болжол менен 120 миңдей адам, Азербайжандын куугунтугунан чочулап үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болгон.
Азери бийлиги аларды кетпөөгө, жарандык алып, жашоосун уланта берүүгө чакырган. Эки өлкө ортосундагы жаңжалдарда адам өмүрү кыйылган.
Шерине