Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:36

Израилдин Газага урган соккусунан кеминде 80 адам мерт болду


Израил менен ХАМАСтын ортосундагы ок атышууну токтотуу келишими бузулгандан бери Газага дээрлик күн сайын сокку урулууда. 14-май, 2025-жыл.
Израил менен ХАМАСтын ортосундагы ок атышууну токтотуу келишими бузулгандан бери Газага дээрлик күн сайын сокку урулууда. 14-май, 2025-жыл.

14-майда Израилдин Газа тилкесинин түндүгүнө жасаган аба соккусунан кеминде 80 адам мерт болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги Газанын Саламаттык сактоо башкармалыгына шилтеме берип жазды.

Маалыматка караганда, Израилдин соккусуна Газанын түндүгүндөгү Жабалия аймагы туш болгон. Каза тапкандардын басымдуу бөлүгү ошол аймактын тургундары болгону, арасында аялдар жана балдар бар экени кабарланды.

"Набыт кеткендердин айрымдарынын сөөгү уранды астында калды. Ал жерге куткаруучулар жете албай жатат", - деп айтылат анклавдын Саламаттык сактоо башкармалыгынын билдирүүсүндө.

Израилдин аскердик жетекчилиги шейшемби күнү кечинде Газанын жайкын тургундарын коопсуз аймакка эвакуация кылууга чакырган.

АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМА Израил эвакуация учурунда да чабуулду улантканын билдирди. Адатта ЦАХАЛ карапайым жарандарга зыян келтирбөө үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын айтып, жай тургундарды калкан катары колдонуп келет деп ХАМАСты айыптайт.

Израил менен ХАМАСтын ортосундагы ок атышууну токтотуу келишими бузулгандан бери Газага дээрлик күн сайын сокку урулууда. Андан тышкары аймактагы 2 миллионго чукул адамга гуманитардык жардам, азык-түлүк, дары-дармек киргизилбей калды.

Согуш 2023-жылдын 7-октябрында "хамасчылар" Израилдин түштүгүнө кол салып, 1200дөй адамды өлтүрүп, 250 кишини барымтага алгандан кийин башталган.

Барымтадагылардын көбү ок атышууну токтотуу келишимдеринин жана башка сүйлөшүүлөрдүн негизинде бошотулган. Бирок ХАМАС дагы эле 59 кишини туткунда кармап турат жана алардын айрымдары мерт болгон болушу мүмкүн.

Израилдин жооп иретинде баштаган аскердик чабуулдарынан 52 миңден ашуун газалык каза болгонун тилкенин Саламаттык сактоо башкармалыгы билдирди.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху барымтадагы бардык адамдар бошотулмайынча жана ХАМАС толук талкаланып же куралдарын таштап, аймактан чыгып кетмейинче согушту уланта берерин айтты.

ХАМАС Израилден палестин туткундарын бошотууну, ок атышууну толук токтотуп, аскерлерин Газадан толук чыгарып кетүүсүн талап кылууда. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG