Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Шаардык сот укук коргоочу Карасартованы абакта калтырды


Бишкек шаардык соту 13-майда абактагы укук коргоочу Рита Карасартованын бөгөт чарасын карап, өзгөртүүсүз калтырды. Ошондой эле анын кармалышын мыйзамдуу деп тапканын “Азаттыкка” адвокаты Жаныш Бараков билдирди.

Укук коргоочу Рита Карасартова 14-апрелде кармалган, 17-апрелге караган түнү Свердлов райондук соту аны бир айга камакка алган. Райондук сот 30-апрелде анын абактагы мөөнөтүн 12-июнга чейин узарткан.

Кармалардын алдында Карасартова өз үйүндө тинтүү жүрүп жатканын Фейсбукка жазып, буга Тилекмат Кудайберген уулуна (Куренов) таандык делген катты өзүнүн социалдык баракчасына жарыялаганына байланыштырган.

Прокуратура Карасартовага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Массалык башаламандыктар”) 3-пункту ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") боюнча айып тагылганын жарыялаган.

Укук коргоочунун кармалышына байланыштуу бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары тынчсызданып, кыргыз бийлигин аны бошотууга чакырган.

Шерине

XS
SM
MD
LG