Аскер прокуратурасы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) №86123 аскер бөлүгүндө жоокерлергө көрсөтүлгөн зордук-зомбулук боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Уруп-сабап” кыйноо беренеси менен кылмыш ишин козгоду.
Башкы прокуратура кылмыш ишин тергөө Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасына тапшырылганын, тергөөнүн жыйынтыгы менен күнөөлүү адамдардын аракетине юридикалык баа берилерин кабарлады.
“Иштин жагдайларын толук жана ыкчам иликтөө үчүн зомбулукка кабылган аскер кызматкерлери Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасына жеткирилип, алардын катышуусунда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.
Жакында эле социалдык тармактарда аскердик форма кийген бир нече адамды башы менен жер сүздүрүп коюп, белгисиз бирөө оозго алгыс сөздөр менен сөгүп жатканы тартылган видео тараган. Бул армиядагы чоңсунуу боюнча талкууну жандантып, коомчулуктун сынына кабылды.
Президент Садыр Жапаров бул окуяга байланыштуу жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү аткарбагандыгы үчүн деген негизде өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге катуу сөгүш берди.
ӨКМ бул окуя ушул жылдын февраль айында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскердик бөлүктөрдүн биринде болгонун, тартиптик териштирүү жүргүзүлүп, жарандык жана кызматтык жоопкерчиликти бузган кызматкерлер жумуштан бошотулганын билдирди.
Кыргызстандын армиясында аскерлердин өлүмү, суицид, уруп-сабоо фактылары катталып келет. Коргоо министрлиги акыркы жылдары жоокерлер арасында чоңсунуу азайганын билдирген. (BTo)
Шерине