Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:10

RSF: Сөз эркиндиги боюнча рейтингде Кыргызстан 24 баскычка артка кетти


Бишкекте өткөн акциялардын биринде тартылган сүрөт.
Бишкекте өткөн акциялардын биринде тартылган сүрөт.

“Чек арасыз кабарчылар” (RSF) эл аралык уюму дүйнөдөгү сөз эркиндиги боюнча 2025-жылдагы рейтингин жарыялады. Ага ылайык, Кыргызстан 2024-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 24 баскычка артка кетип, 180 өлкөнүн ичинен 144-орунга жазылды.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Казакстан 141, Өзбекстан 148, Тажикстан 153 жана Түркмөнстан 174-тизмеге илинди. Басма сөз эркин деген өлкөлөрдүн сап башында Норвегия, Эстония жана Нидерланд бар.

“Чек арасыз кабарчылар” уюму АКШ каржылык колдоону токтотуп, Орусиянын пропагандасы күчөгөндөн кийин Европадагы жана Борбор Азиядагы эркин медиалар экономикалык кризиске кабылганын жазды. Уюм АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун жана Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (United States Agency for International Development - USAID) бюджетин азайткандан кийин авторитардык режим башкарган, коррупция гүлдөгөн өлкөлөрдө абал начарлаганын кошумчалады.

Быйыл мартта АКШнын Глобалдык медиа боюнча агенттигине (USAGM) “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна берилген грантты токтотконун жарыялаган. Бул чечим АКШнын президенти Дональд Трамптын буйругунан бир нече саат өтпөй кабыл алынган. Буйрукта жети өкмөттүк агенттикти, анын ичинде USAGMди да мүмкүн болушунча кыскартуу талап кылынган.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу Кошмо Штаттардын Конгресси бөлгөн каражатты алуу үчүн АКШнын Глобалдык медиа агенттигине (USAGM) каршы сотко кайрылган. Радио өзүнүн доо арызында USAGM агенттигинин андай укугу жок экенин, анткени грант Конгресстин чечими менен берилерин жүйө келтирген.

25-мартта АКШ соту USAGM агенттигинин грантты токтотуу чечимин “негизсиз жана туура эмес” деп тапкан. Бирок агенттиктин жетекчилиги радио үчүн каражатты которбогонуна байланыштуу “Эркин Европа/Азаттык” кайрадан сотко кайрылууга мажбур болгон.

Вашингтондогу Федералдык сот АКШнын Глобалдык медиа боюнча агенттигине (USAGM) Конгресс бөлгөн каражатты “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна которулсун деген чечим чыгарды. Судья Ройс Ламберт 29-апрелде “Конгресс чечими менен бөлүнгөн каражат “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна которулушу керек” деген убактылуу ордер чыгарган. Соттун чечиминде медиага апрель айына каралган 12 миллион доллар жөнүндө сөз болууда.

Кыргыз бийлиги Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин билдирип, өлкөдөгү мыйзамсыздык, коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелеген журналисттик иликтөөлөрдү колдой турганын билдирип келет. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG