Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:16

Көз карандысыз “Марал” радиосу жабылганы кабарланды


“Марал” радиосунун эн белгиси.
“Марал” радиосунун эн белгиси.

Кыргызстандагы көз карандысыз “Марал” радиосу жабылганы кабарланды. “Марал” - радио, ТВ жана сайт болуп мултимедиалык багытта иш алып барган улуттук медиа бренд катары иштеп келаткан.

Ал жалаң кыргыз тилиндеги программа, уктуруулары аркылуу дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы жаңылыктарды ыкчам чагылдырып, талылуу маселелер боюнча түз эфирде талкууларды уюштуруп, коомдук-саясий темаларды берип турган.

“Марал ТВ” теле-радио берүү компаниясы 2010-жылдын 20-сентябрында юридикалык каттоодон өткөн. 2011-жылдын 11-декабрынан тарта компанияга караштуу “Марал” радиосу түзүлүп, 2012-жылдын январь айынан тартып уктурууларын баштаган жана 24 саат бою обого чыгып, угармандарга көңүл ачуучу программаларды да сунуштады.

Алгач Ош облусунда эфирге чыгып, кийинчерээк башка аймактарда, Чүй облусу, Бишкек шаарында да тарта баштаган. Ортодо “24 ТВ” деген аталыш менен телеканал катары эфирге чыгып, кийин ал “Марал ТВ” деп өзгөртүлгөн.

Кыргызстандагы бир катар саясий окуяларды ар кандай платформаларды чагылдырды. Ушул тапта Ютубдагы баракчасында 430 миңге жакын катталуучусу бар. Фейсбуктагы баракчасына 107 миң, Инстаграмдагы баракчасына 260 миң адам катталган. maralfm.kg сайты азыр иштебей турат. Ютуб жана Фейсбуктагы баракчалары ушул жылдын январь айынан бери жаңылана элек.

“Марал” радиосунун жетекчилиги медианын айланасындагы окуя тууралуу маалымат бере элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG