Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:46

Кыргызстандык мугалим Түркияда Гүлен иши боюнча кармалганы белгилүү болду


Сүрөт Азамат Нурмат уулунун Фейсбуктагы баракчасынан алынды.
Сүрөт Азамат Нурмат уулунун Фейсбуктагы баракчасынан алынды.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев “Маариф” (мурдагы “Сапат”) фондунун мугалими Азамат Нурмат уулунун Түркияда кармалышы боюнча айрым маалыматтарды айтып берди.

Ал Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 28-апрелдеги жыйынында депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып, Азамат Нурмат уулу диниятчы Фетхулла Гүлендин “Хизмет” (Түркия “Фетхуллачы террордук уюм” деп жарыялаган) кыймылына байланыштуу кармалганын билдирди.

“2016-2017-жылдары Түркияда аскердик төңкөрүш кылуу аракети болгон. Азамат Нурмат уулу ошол күндөрү Түркияда бир жатаканада жашап, бир уюлдук тиркемени колдонуптур. Ал көбүнчө Фетхулла Гүлендин колдоочулары колдонуп жүргөн программа экен. Ошонун негизинде Түркия Нурмат уулуна өлкөнүн ичинде издөө жарыялап, кармалган. Жактоочу менен биздин кызматкерлер байланышып жатат. Мен Азамат Нурмат уулунун жубайы, апасы менен жолугуп маалымат бердим”, - деди ал.

Азамат Нурмат уулунун жакындары “Азаттыкка” берген маалыматка ылайык, ал 20-апрелде Бишкектеги Zeen education борбору аркылуу Түркиянын Анталия шаарына алты окуучусун математика сабагы боюнча эл аралык олимпиадага алып баратканда, аны Стамбул аэропортунан чек ара кызматкерлери кармап калган.

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги Zeen Education компаниясы менен 20-апрелде Кыргызстандан 36 окуучу, 4 ата-эне жана 3 мугалимден турган делегация олимпиаданын уюштуруучуларынын чакыруусу менен Анталия шаарына барышканын кабарлады. Окуучулар 25-апрелде Кыргызстанга кайтып келди.

32 жаштагы Азамат Нурмат уулу азыркы “Маариф” мурдагы “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинде соңку сегиз жылдан бери эмгектенип келаткан. Ушул тапта “Маарифтин” Ысык-Көлдөгү Кусеин Карасаев балдар лицейинин математика мугалими болуп иштеп жаткан. Өзү да “Сапатка” караштуу Кызыл-Кыядагы Исхак Раззаков атындагы лицейин 2010-жылы аяктаган. Түркиянын Газиантеп универститетинин математика факультетин бүтүргөн.

2016-жылы 15-июлда Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракети жасалып, буга байланыштуу үч жүздөн ашык адам набыт болгон. Түрк өкмөтү бул төңкөрүш аракети үчүн Фетхулла Гүленди күнөөлөп, Вашингтондон аны өткөрүп берүүнү талап кылган жана анын кыймылын ФЕТО (“Фетхуллахчы террордук уюм”) деп жарыялаган. Гүлен өзү жана анын тарапкерлери дооматтарды четке кагып, төңкөрүш аракетин бийлик өзү атайылап уюштурган деп жооп кайтарган. Фетхулла Гүлен 2024-жылдын октябрь айында 83 жашында АКШда каза болгон.

2024-жылы 31-декабрда Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемеси Түркиянын “Маариф” фондуна өткөнү белгилүү болгон. “Сапат” 1-январда лицейлеринин Түркиянын “Маариф” фондуна өткөрүлүшүндө мыйзам бузуу болгонун жана “өз укугун мыйзам негизинде, эл аралык укук талаптарына ылайык коргоо боюнча аракет көрөрүн” билдирген.

Түркиянын Билим берүү министрлигине караштуу “Маариф” фонду (Türkiye Maarif Vakfı) 2016-жылы түзүлгөн. Уюм 2021-жылы Бишкекте фонддун биринчи мектебин ачкан.

Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхулла Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген соң эки өлкөнүн мамилеси сууй түшкөн.

2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан “Себат” билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен “Сапат” болуп өзгөргөн. Анын жетекчиси Орхан Инанды 2021-жылы Кыргызстандан уурдалып, Түркияда соттолгон. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG