Кыргызстанда 2025-жылдын 1-апрелине карата 14 609 кишиде адамдын иммундук жетишсиздик вирусу (ВИЧ) аныкталды. Алардын 13 743ү Кыргызстандын, калган 866ы чет өлкөнүн жарандары. Алардын ичинен 12 миңге жакыны Кыргызстанда жашайт. Андан тышкары ВИЧтен 3618 адам каза болгон.
Бул тууралуу Республикалык “СПИД” борборунун жетекчиси Үмүткан Чокморова Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 28-апрелдеги жыйынында айтты.
Анын сөзүнө ылайык, 2025-жылы 815 миң анализ жүргүзүлүп, 1053 кишиден ВИЧ аныкталган. ВИЧ менен ооругандардын көбү Бишкек шаарында, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында.
61,8% ВИЧти жыныстык жол менен, 31% парентералдык, 2,4% энеден балага жуккан. 4,4% кандай жол менен жуктурганы аныкталган эмес. ВИЧ инфекциясы менен ооругандардын 61% 20 жаштан 39 жашка чейинкилер түзөт.
ВИЧ үч жол менен жугат:
-корголбогон жыныстык катнашта;
-кан аркылуу (ийне сайынганда);
-энеден балага (тийиштүү медициналык эрежелерди сактоо менен кошбойлуу аялдан түйүлдүктөгү балага жукпаган учурлар бар).
Калктын бул дарт тууралуу кеңири маалыматы болгонуна карабастан, адистер коомдо ВИЧ инфекциясын жуктургандарды басмырлоо дагы эле бар экенин белгилешет. (BTo)
Шерине