Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:49

Fitch Кыргызстандын насыя рейтингин “туруктуу” деп баалады


Бишкектеги “Ала-Тоо” аянты.
Бишкектеги “Ала-Тоо” аянты.

Экономика жана коммерция министрлиги Fitch агенттигинин насыя тобокелдиги боюнча рейтингинде Кыргызстан “туруктуу” деңгээлде деп бааланып, алгачкы жолу “B” категориясы ыйгарылганын билдирди.

Маалыматка ылайык, Fitch 2022–2024-жылдары Кыргызстандын Ички дүң өнүмү (ИДӨ) жылына орточо 9% деңгээлинде өсүп турганын көрсөтүп, энергетика жана тоо-кен тармагына инвестициялардын көбөйгөнүн белгилеген.

Moody’s агенттигинин эл аралык насыя тобокелдиги боюнча рейтингинде Кыргызстан 2024-жылы “тобокел” абалдан “туруктуу” деңгээлге чыккан.

Өлкөнүн рейтинги канчалык жогору болсо, ага ишеним ошончо чоң болот. Дүйнөдөгү эң абройлуу деп эсептелген насыялык агенттиктер - Moody’s, Fitch жана Standard & Poor's компаниялары.

Бул агенттиктердин рейтинги инвесторлор үчүн да баалуу маалымат болуп эсептелет. Андан тышкары карыз алууда пайыздык чендерге таасир берет. (BTo)


Шерине

XS
SM
MD
LG