Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:00

Ватиканда Рим папасы Францисктин тажыясы өттү


Рим папасы Францисктин сөөгү салынган табыт Ыйык Петр аянтына коштошуу үчүн коюлду, 26-апрель, 2025-жыл.
Рим папасы Францисктин сөөгү салынган табыт Ыйык Петр аянтына коштошуу үчүн коюлду, 26-апрель, 2025-жыл.

Ватикандагы Ыйык Петр аянтына миңдеген киши чогулуп, Рим папасы Франциск менен коштошту. Тажыяны уюштурууну Кардиналдар коллегиясынын деканы, кардинал Жованни Баттиста Ре жетектеди.

Францисктин сөөгү соңку 100 жылдан ашуун маалда биринчи жолу Ватикандын сыртында, Римдеги Санта-Мария-Мажоре базиликасына коюлду.

Рим папасынын тажыясына 50дөн ашуун өлкө жетекчилери, анын ичинде АКШ, Аргентина, Франция, Германия, Италия, Польша, Филиппин, Финляндия жана Украинанын лидерлери, Британиянын жана Жаңы Зеландиянын өкмөт башчылары барды.

Ошондой эле ондон ашуун падышалык үй-бүлө мүчөлөрү, 150 өлкөнүн өкүлдөрү, 224кө жакын кардинал жана 750 епископ, диниятчы катышты.

АКШ президенти Дональд Трамп жубайы Мелания Трамп менен тажыяга келген лидерлердин арасында турат.
АКШ президенти Дональд Трамп жубайы Мелания Трамп менен тажыяга келген лидерлердин арасында турат.

Ыйык Петр аянтына жана ага кошулган көчөлөрдө 200 миңдей киши чогулганы кабарланды.

Папа Франциск 21-апрелде 88 жаш курагында дүйнөдөн өттү.

Ватикан жаңы понтификти шайлоого даярдык көрүүдө. Мыйзамдарга ылайык ал 6-майдан эрте өткөрүлбөйт. Шайлоого 135 кардинал катышууга укуктуу, алардын 80% ашыгын Франциск өзү дайындаган. Бул анын мураскерлеринин бири шайланып калышы мүмкүн дегенди түшүндүрөт.

Папа Франциск тарыхта Латын Америкасынан чыккан биринчи понтифик катары калды. Ал чиркөөнү жетектеп турган маалда Ватикандын ишин ачык-айкын жүргүзүү, социалдык адилеттүүлүккө басым жасоо сыяктуу аракеттер жасалды. Өзгөчө папа аярлуу топтордун укуктары боюнча маселелерге көңүл бурганы менен элдин эсинде.

Ватикан Францисктин өлүмүнө инсульт себеп болгонун билдирди. Февралда ал эки өпкөсү кагынып, беш жума ооруканада дарыланган. Кийинчерээк Ватиканга кайтып келип, Пасхадагы диний жөрөлгөгө да катышкан.

Шерине

XS
SM
MD
LG